Header Include

الترجمة القيرغيزية

ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.

QR Code https://quran.islamcontent.com/ar/kyrgyz_hakimov

سَبِّحِ ٱسۡمَ رَبِّكَ ٱلۡأَعۡلَى

Эң жогорку Раббиңдин ысымын (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула!*

* Бул сүрө Меккеде түшкөн. 19 аяттан турат. “Аьлаа” “эң жогорку” деген мааниде.
Эң жогорку Раббиңдин ысымын (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула!*

ٱلَّذِي خَلَقَ فَسَوَّىٰ

Ал (бүт ааламдарды) жараткан жана тең салмактуу кылган.

Ал (бүт ааламдарды) жараткан жана тең салмактуу кылган.

وَٱلَّذِي قَدَّرَ فَهَدَىٰ

Жана (ааламдардагы жандуу-жансыз нерселердин өмүрүн, тагдырын) өлчөп-белгилеп, (ар бирине өзгөчө касиеттер берип, жашоо жолуна) багыттаган.

Жана (ааламдардагы жандуу-жансыз нерселердин өмүрүн, тагдырын) өлчөп-белгилеп, (ар бирине өзгөчө касиеттер берип, жашоо жолуна) багыттаган.

وَٱلَّذِيٓ أَخۡرَجَ ٱلۡمَرۡعَىٰ

Ал (эрте жазда жерден ар түрдүү) өсүмдүктү чыгарып,

Ал (эрте жазда жерден ар түрдүү) өсүмдүктү чыгарып,

فَجَعَلَهُۥ غُثَآءً أَحۡوَىٰ

андан соң (кеч күздө) карарган чөп кылып койот.

андан соң (кеч күздө) карарган чөп кылып койот.

سَنُقۡرِئُكَ فَلَا تَنسَىٰٓ

(Оо, Мухаммад), Биз сага (Куранды) окутабыз. Анан сен эч унутпайсың.

(Оо, Мухаммад), Биз сага (Куранды) окутабыз. Анан сен эч унутпайсың.

إِلَّا مَا شَآءَ ٱللَّهُۚ إِنَّهُۥ يَعۡلَمُ ٱلۡجَهۡرَ وَمَا يَخۡفَىٰ

Бирок, Аллах (унуттурууну) каалаган нерселерди гана унутасың. Ал чынында, ашкере жана купуя нерселерди билет.

Бирок, Аллах (унуттурууну) каалаган нерселерди гана унутасың. Ал чынында, ашкере жана купуя нерселерди билет.

وَنُيَسِّرُكَ لِلۡيُسۡرَىٰ

Жана Биз сага оңой жолду жеңил кылып беребиз.*

* Аяттагы “оңой жол” – бул Ислам дини. Ислам дини диндердин арасындагы эң жеңил, эң оңой дин. Аны үйрөнүү да, үйрөтүү да, аны менен жашоо да жеңил. Анын ибадаттары да жеңил.
Жана Биз сага оңой жолду жеңил кылып беребиз.*

فَذَكِّرۡ إِن نَّفَعَتِ ٱلذِّكۡرَىٰ

Эми, насаат пайда берсе (адамдарга Куран менен) насаат айткын.

Эми, насаат пайда берсе (адамдарга Куран менен) насаат айткын.

سَيَذَّكَّرُ مَن يَخۡشَىٰ

(Насаатты) Аллахтан корккон адамдар гана эсине алышат.

(Насаатты) Аллахтан корккон адамдар гана эсине алышат.

وَيَتَجَنَّبُهَا ٱلۡأَشۡقَى

Шордуу адам болсо андан качат.

Шордуу адам болсо андан качат.

ٱلَّذِي يَصۡلَى ٱلنَّارَ ٱلۡكُبۡرَىٰ

Ал эбегейсиз чоң отко кире турган киши.

Ал эбегейсиз чоң отко кире турган киши.

ثُمَّ لَا يَمُوتُ فِيهَا وَلَا يَحۡيَىٰ

Ал анын (тозоктун) ичинде же өлө албайт же жашай албайт!

Ал анын (тозоктун) ичинде же өлө албайт же жашай албайт!

قَدۡ أَفۡلَحَ مَن تَزَكَّىٰ

Ким (ыйман менен) тазарган болсо, ал ийгиликке жетти!

Ким (ыйман менен) тазарган болсо, ал ийгиликке жетти!

وَذَكَرَ ٱسۡمَ رَبِّهِۦ فَصَلَّىٰ

Жана Раббисинин ысымын эскерип, намаз окуса ( - ийгиликке жетти).

Жана Раббисинин ысымын эскерип, намаз окуса ( - ийгиликке жетти).

بَلۡ تُؤۡثِرُونَ ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا

Силер (эй, каапырлар!) дүйнө жашоосун (Акыреттен) жогору койосуңар!

Силер (эй, каапырлар!) дүйнө жашоосун (Акыреттен) жогору койосуңар!

وَٱلۡأٓخِرَةُ خَيۡرٞ وَأَبۡقَىٰٓ

Бирок, Акырет (жашоосу) жакшы жана түбөлүк!

Бирок, Акырет (жашоосу) жакшы жана түбөлүк!

إِنَّ هَٰذَا لَفِي ٱلصُّحُفِ ٱلۡأُولَىٰ

Чынында, бул (айтылгандар) абалкы (ыйык) барактарда да бар эле.

Чынында, бул (айтылгандар) абалкы (ыйык) барактарда да бар эле.

صُحُفِ إِبۡرَٰهِيمَ وَمُوسَىٰ

Ибрахимдин жана Мусанын барактарында.

Ибрахимдин жана Мусанын барактарында.
Footer Include