الترجمة القيرغيزية
ترجمة معاني القرآن الكريم إلى اللغة القيرغيزية، ترجمها شمس الدين حكيموف عبدالخالق، تمت مراجعتها وتطويرها بإشراف مركز رواد الترجمة.
وَٱلضُّحَىٰ
Шашке маалына ант!*
وَٱلَّيۡلِ إِذَا سَجَىٰ
Тынч – караңгы түнгө ант!
مَا وَدَّعَكَ رَبُّكَ وَمَا قَلَىٰ
(Оо, Мухаммад!) Раббиң сени таштаган жок жана (сага) ачууланган жок.
وَلَلۡأٓخِرَةُ خَيۡرٞ لَّكَ مِنَ ٱلۡأُولَىٰ
Сен үчүн Акырет (жашоосу) абалкысынан (дүйнө жашоосунан) жакшыраак.
وَلَسَوۡفَ يُعۡطِيكَ رَبُّكَ فَتَرۡضَىٰٓ
Раббиң сага жакында (сыйлыктарын) берет. Анан сен ыраазы болосуң.
أَلَمۡ يَجِدۡكَ يَتِيمٗا فَـَٔاوَىٰ
Ал (Аллах) сени жетим абалда таап, андан кийин башпаанек бербеди беле?*
وَوَجَدَكَ ضَآلّٗا فَهَدَىٰ
Жана (Аллах) сени адашкан абалда таап,* андан кийин Туура Жол көргөздү го!
وَوَجَدَكَ عَآئِلٗا فَأَغۡنَىٰ
Жана (Раббиң) сени кембагал абалда таап, андан кийин бай кылды.
فَأَمَّا ٱلۡيَتِيمَ فَلَا تَقۡهَرۡ
Эми, сен жетимге каарыңды төкпө.
وَأَمَّا ٱلسَّآئِلَ فَلَا تَنۡهَرۡ
Жана сураган адамга орой мамиле кылба.*
وَأَمَّا بِنِعۡمَةِ رَبِّكَ فَحَدِّثۡ
Эми, сен Раббиңдин нээматтары жөнүндө сүйлө.*
مشاركة عبر