Header Include

Kyrgyz translation

Translation of the meanings of the Noble Qur’an into the Kyrgyz language, translated by Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq, reviewed and developed under the supervision of the Rowad Translation Center.

QR Code https://quran.islamcontent.com/id/kyrgyz_hakimov

لَآ أُقۡسِمُ بِهَٰذَا ٱلۡبَلَدِ

Ушул шаарга* ант!

* Бул сүрө Меккеде түшкөн. 20 аяттан турат. «Балад» деген сөздүн мааниси “шаар”. Аяттагы шаар - Мекке шаары.
Ушул шаарга* ант!

وَأَنتَ حِلُّۢ بِهَٰذَا ٱلۡبَلَدِ

Сен (оо, Мухаммад) ушул шаарда жашайсың.

Сен (оо, Мухаммад) ушул шаарда жашайсың.

وَوَالِدٖ وَمَا وَلَدَ

(Адам)-Атага жана урпактарга ант!

(Адам)-Атага жана урпактарга ант!

لَقَدۡ خَلَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ فِي كَبَدٍ

Биз инсанды машакатка жараттык.*

* Адампенде каалайбы-каалабайбы, бул дүйнө турушу менен машакат. Аллах таала ушундай жараткандан соң, мындан башкача болбойт. Ал эми, кээ бир адамдар өздөрүнө ушул эле дүйнөдө бейиш куруп алгылары келет жана машакатсыз жашайбыз деп... машакат чегишет.
Биз инсанды машакатка жараттык.*

أَيَحۡسَبُ أَن لَّن يَقۡدِرَ عَلَيۡهِ أَحَدٞ

(Каапыр) инсан өзүнө эч кимдин күчү жетпейт деп ойлойбу?

(Каапыр) инсан өзүнө эч кимдин күчү жетпейт деп ойлойбу?

يَقُولُ أَهۡلَكۡتُ مَالٗا لُّبَدًا

Ал “эсепсиз мал-дүйнө короттум” дейт.

Ал “эсепсиз мал-дүйнө короттум” дейт.

أَيَحۡسَبُ أَن لَّمۡ يَرَهُۥٓ أَحَدٌ

Ал өзүн эч ким көрбөй турат деп ойлойбу?

Ал өзүн эч ким көрбөй турат деп ойлойбу?

أَلَمۡ نَجۡعَل لَّهُۥ عَيۡنَيۡنِ

Биз ага эки көз бербедикпи?

Биз ага эки көз бербедикпи?

وَلِسَانٗا وَشَفَتَيۡنِ

Тил жана эки эрин бербедикпи?!

Тил жана эки эрин бербедикпи?!

وَهَدَيۡنَٰهُ ٱلنَّجۡدَيۡنِ

Жана Биз аны эки жолго багыттадык.*

* Ар бир акылдуу инсандын алдында эки жол бар: жакшы жана жаман. Ал өзүнүн ыйманына жараша экөөсүнүн бирин тандап алат. Албетте, напси-балээсине азгырылган инсан жеңилине, ылаззатына умтулуп жаман-арам жолго жүрөт. Ал эми, акылын иштеткен ыймандуу адамдар ар канча оор болсо да Акыретте пайда бере турган жакшылык жолуна жүрүшөт.
Жана Биз аны эки жолго багыттадык.*

فَلَا ٱقۡتَحَمَ ٱلۡعَقَبَةَ

Ал (каапыр инсан) оор жолго жүрбөдү.

Ал (каапыр инсан) оор жолго жүрбөдү.

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلۡعَقَبَةُ

(Оо, Мухаммад) сен оор жол эмне экенин билбейсиң.

(Оо, Мухаммад) сен оор жол эмне экенин билбейсиң.

فَكُّ رَقَبَةٍ

(Оор жол – бул) кул азат кылуу

(Оор жол – бул) кул азат кылуу

أَوۡ إِطۡعَٰمٞ فِي يَوۡمٖ ذِي مَسۡغَبَةٖ

же болбосо каатчылык күндө тамак-аш берүү –

же болбосо каатчылык күндө тамак-аш берүү –

يَتِيمٗا ذَا مَقۡرَبَةٍ

тууганчылыгы бар жетимге.

тууганчылыгы бар жетимге.

أَوۡ مِسۡكِينٗا ذَا مَتۡرَبَةٖ

Же чаңга буланган кедейге

Же чаңга буланган кедейге

ثُمَّ كَانَ مِنَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَتَوَاصَوۡاْ بِٱلصَّبۡرِ وَتَوَاصَوۡاْ بِٱلۡمَرۡحَمَةِ

Кийин (бул кайрымдуулукту жасаган) адам ыймандуулардан жана бири-бирин сабырга, ырайымдуулукка чакыруучулардан болсо,

Кийин (бул кайрымдуулукту жасаган) адам ыймандуулардан жана бири-бирин сабырга, ырайымдуулукка чакыруучулардан болсо,

أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَيۡمَنَةِ

Ошолор гана оң тарап ээлери!

Ошолор гана оң тарап ээлери!

وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِـَٔايَٰتِنَا هُمۡ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَشۡـَٔمَةِ

Ал эми, Биздин аяттарыбызга каапыр болгондор сол тарап ээлери.*

* Кыяматта алардын амал баракчалары сол тарабынан берилип, бактысыз кишилерден болот.
Ал эми, Биздин аяттарыбызга каапыр болгондор сол тарап ээлери.*

عَلَيۡهِمۡ نَارٞ مُّؤۡصَدَةُۢ

Аларды ар жактан от каптап алган.

Аларды ар жактан от каптап алган.
Footer Include