Header Include

Kyrgyz translation

Translation of the meanings of the Noble Qur’an into the Kyrgyz language, translated by Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq, reviewed and developed under the supervision of the Rowad Translation Center.

QR Code https://quran.islamcontent.com/ps/kyrgyz_hakimov

لَآ أُقۡسِمُ بِيَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ

Мен Кыямат күнүнө* ант ичип,

* Бул сүрө Меккеде түшкөн. 40 аяттан турат.
Мен Кыямат күнүнө* ант ичип,

وَلَآ أُقۡسِمُ بِٱلنَّفۡسِ ٱللَّوَّامَةِ

Жемелөөчү напси* менен ант ичип, (айтамын:)

* Ар бир адамдын напсиси аны көбүнчө оңой, жыргал, бирок күнөө иштерге азгырат. Ал эми, күнөөнүн убактылуу жыргалчылыгы өтүп кетээри менен, же болбосо, өлүм убактысы келгенде ар бир адамдын напсиси өзүнүн ээсин (демек өзүн) кетирген күнөөлөрү, катачылыктары үчүн жемелейт. Бул кеч болсо да, өз күнөөсүнө бушайман болгон напси. Ал эми ыйманы күчтүү момундардын напсиси, аларды күнөө ишке бара электе эле, өз ээсин «барба эле барба» деп айыптап, коргоп, насаат айтып турат.
Жемелөөчү напси* менен ант ичип, (айтамын:)

أَيَحۡسَبُ ٱلۡإِنسَٰنُ أَلَّن نَّجۡمَعَ عِظَامَهُۥ

“Инсан (өзүнчө), Биз анын сөөктөрүн (Кыямат күндө кайра тирилтүү үчүн) эч качан чогулта албайбыз деп ойлойбу?!”

“Инсан (өзүнчө), Биз анын сөөктөрүн (Кыямат күндө кайра тирилтүү үчүн) эч качан чогулта албайбыз деп ойлойбу?!”

بَلَىٰ قَٰدِرِينَ عَلَىٰٓ أَن نُّسَوِّيَ بَنَانَهُۥ

Жок! Биз анын бармактарын да өз ордуна (далма-дал) келтирүүгө кудуреттүүбүз!*

* Эң назик деп эсептелген бармак сөөктөрүн орду-ордуна коюуга кудуреттүү болгон Аллах таала үчүн дененин башка сөөктөрүн өз ордуна чогултуу оор эмес.
Жок! Биз анын бармактарын да өз ордуна (далма-дал) келтирүүгө кудуреттүүбүз!*

بَلۡ يُرِيدُ ٱلۡإِنسَٰنُ لِيَفۡجُرَ أَمَامَهُۥ

Балким (шекчил) инсан өзүнүн келечегин(деги кайра тирилүүнү) жалганга чыгаргысы келээр...,

Балким (шекчил) инсан өзүнүн келечегин(деги кайра тирилүүнү) жалганга чыгаргысы келээр...,

يَسۡـَٔلُ أَيَّانَ يَوۡمُ ٱلۡقِيَٰمَةِ

(Жана шектенүү менен) «Кыямат күнү качан?» деп сураар!

(Жана шектенүү менен) «Кыямат күнү качан?» деп сураар!

فَإِذَا بَرِقَ ٱلۡبَصَرُ

Качан (Кыяматтын убактысы келгенде) көз(дөр коркуудан) чекчейип калат.

Качан (Кыяматтын убактысы келгенде) көз(дөр коркуудан) чекчейип калат.

وَخَسَفَ ٱلۡقَمَرُ

Айдын нуру өчөт

Айдын нуру өчөт

وَجُمِعَ ٱلشَّمۡسُ وَٱلۡقَمَرُ

жана Күн менен Ай бириктирилет.*

* Ошол күн келгенге чейин «Күн Айга жете албайт жана түн күндүздөн өтүп кете албайт».(«Я-Син”-38) Ал эми, Кыяматта бул дүйнө жок болушу үчүн ааламдык кыйроолор башталат. Күндүн Ай менен кагылышып, биригип кетүүсү ошол кыйроонун бир гана окуясы.
жана Күн менен Ай бириктирилет.*

يَقُولُ ٱلۡإِنسَٰنُ يَوۡمَئِذٍ أَيۡنَ ٱلۡمَفَرُّ

Ошол күнү инсан «кайда качсам экен!» деп калат!

Ошол күнү инсан «кайда качсам экен!» деп калат!

كَلَّا لَا وَزَرَ

Жок! Качып бара турган орун жок!

Жок! Качып бара турган орун жок!

إِلَىٰ رَبِّكَ يَوۡمَئِذٍ ٱلۡمُسۡتَقَرُّ

Ал күнү (ар бир адам жеке Өзүнө сурак берүү үчүн) Раббиңе гана кайтуу бар.

Ал күнү (ар бир адам жеке Өзүнө сурак берүү үчүн) Раббиңе гана кайтуу бар.

يُنَبَّؤُاْ ٱلۡإِنسَٰنُ يَوۡمَئِذِۭ بِمَا قَدَّمَ وَأَخَّرَ

Ал күнү (ар бир) инсанга мурдагы жана кийинки жасаган (жакшы-жаман) иштери жөнүндө кабар берилет.

Ал күнү (ар бир) инсанга мурдагы жана кийинки жасаган (жакшы-жаман) иштери жөнүндө кабар берилет.

بَلِ ٱلۡإِنسَٰنُ عَلَىٰ نَفۡسِهِۦ بَصِيرَةٞ

Ал гана эмес, инсан(дын көз, кулак, кол, жана буту) өзүнүн зыянына күбөгө өтөт.*

* (Куртубий)
Ал гана эмес, инсан(дын көз, кулак, кол, жана буту) өзүнүн зыянына күбөгө өтөт.*

وَلَوۡ أَلۡقَىٰ مَعَاذِيرَهُۥ

Жана эгерде шылтоо-себептерин айтса да (кабыл алынбайт).*

* Кээ бирөөлөр өзүнүн дене мүчөлөрү жасаган күнөөлөрүнө күбөлүк берип турса да кууланып, түрлөнүп, ар кандай шылтоолорду айтып, өзүн актаганга жан талашат. Бирок, анын шылтоолору шоона эшпейт.
Жана эгерде шылтоо-себептерин айтса да (кабыл алынбайт).*

لَا تُحَرِّكۡ بِهِۦ لِسَانَكَ لِتَعۡجَلَ بِهِۦٓ

(Оо , Мухаммад, сага Жебирейил периште окуп берген аяттарды жаттоого) шашылып тилиңди кыймылдата бербе!*

* Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Аллахтан вахий (аяттар) келишин ушунчалык куса болуп күтөт болчу. Анан, Жебирейил периште келип, сагынткан аяттарды үйрөтө баштаганда, аяттар аягына чыккыча болбой, Жебирейилди ээрчип окуй берчу. «Эсимен чыгып калбаса экен» деп кооптонуусу да мунусуна шыкак болгон. Бирок, Аллах таала Курани Карим аяттарын Өз пайгамбарынын жүрөгүнө орноштуруу милдетин Өзүнө алган эле.
(Оо , Мухаммад, сага Жебирейил периште окуп берген аяттарды жаттоого) шашылып тилиңди кыймылдата бербе!*

إِنَّ عَلَيۡنَا جَمۡعَهُۥ وَقُرۡءَانَهُۥ

Аны (сенин жүрөгүңө) чогултуу да, окулушу(н тилиңе бекем орноштуруу) да Биздин милдет.

Аны (сенин жүрөгүңө) чогултуу да, окулушу(н тилиңе бекем орноштуруу) да Биздин милдет.

فَإِذَا قَرَأۡنَٰهُ فَٱتَّبِعۡ قُرۡءَانَهُۥ

Эми, качан Биз(дин элчибиз Жебирейил) аны окуп бүткөндө анын кыраатына (жайбаракат) ээрчигин.

Эми, качан Биз(дин элчибиз Жебирейил) аны окуп бүткөндө анын кыраатына (жайбаракат) ээрчигин.

ثُمَّ إِنَّ عَلَيۡنَا بَيَانَهُۥ

Андан соң аны (маани-маңызы сакталган бойдон) түшүндүрүп берүү дагы Биздин милдет.

Андан соң аны (маани-маңызы сакталган бойдон) түшүндүрүп берүү дагы Биздин милдет.

كَلَّا بَلۡ تُحِبُّونَ ٱلۡعَاجِلَةَ

Жок, (эй, күнөөкөр адамдар!) силер өткөөл дүйнөнү сүйөсүңөр.

Жок, (эй, күнөөкөр адамдар!) силер өткөөл дүйнөнү сүйөсүңөр.

وَتَذَرُونَ ٱلۡأٓخِرَةَ

жана (түбөлүк) Акыретти таштап койосуңар.*

* Дин ишине тоскоол болбогон жана адамды азгырбаган шартта дүйнөнү сүйүү күнөө эмес. Күнөө – бул дүйнөнү акыреттен көбүрөөк сүйүү жана дүйнөгө азгырылып, акыретти унутуп коюу. Каапырлардын дүйнөнү сүйүүсү ушундай.
жана (түбөлүк) Акыретти таштап койосуңар.*

وُجُوهٞ يَوۡمَئِذٖ نَّاضِرَةٌ

Ал күнү (ыймандуу) жүздөр нурданып,

Ал күнү (ыймандуу) жүздөр нурданып,

إِلَىٰ رَبِّهَا نَاظِرَةٞ

Раббисине (үмүт менен) карап турат.

Раббисине (үмүт менен) карап турат.

وَوُجُوهٞ يَوۡمَئِذِۭ بَاسِرَةٞ

Ал эми, (ыймансыз) жүздөр ал күндө капаланып,

Ал эми, (ыймансыз) жүздөр ал күндө капаланып,

تَظُنُّ أَن يُفۡعَلَ بِهَا فَاقِرَةٞ

өздөрүнө запкылуу азап берилишин билип калат.

өздөрүнө запкылуу азап берилишин билип калат.

كَلَّآ إِذَا بَلَغَتِ ٱلتَّرَاقِيَ

Акыйкатта, (пенделердин жаны) алкымына капталганда...,

Акыйкатта, (пенделердин жаны) алкымына капталганда...,

وَقِيلَ مَنۡۜ رَاقٖ

«Ким дем салып койоор экен?!» деп (кабатыр сөздөр) айтылганда...,

«Ким дем салып койоор экен?!» деп (кабатыр сөздөр) айтылганда...,

وَظَنَّ أَنَّهُ ٱلۡفِرَاقُ

(Күнөөкөр пенде «Дүйнөдөн) ажыроо дегени ушул турбайбы» деп ойлоп калганда...,

(Күнөөкөр пенде «Дүйнөдөн) ажыроо дегени ушул турбайбы» деп ойлоп калганда...,

وَٱلۡتَفَّتِ ٱلسَّاقُ بِٱلسَّاقِ

Жана балтыр балтырга жабышып, тыбырчылаганда...,

Жана балтыр балтырга жабышып, тыбырчылаганда...,

إِلَىٰ رَبِّكَ يَوۡمَئِذٍ ٱلۡمَسَاقُ

Дал ошол күндө Раббиңдин алдына айдап келүү болоор!*

* Ооба. Жан алкымга тыгылып, балтырлар тыбырап калганда эң ашынган каапырлар дагы дем салуучуну издеп калышат. Бирок, эми кеч болгон! Жан оорубаган, күч-кубаттан тайбаган мезгилдерде “Кудай” деш керек эле. Алар өлүм алдында дем салуучу издегени менен, сак-саламат мезгилде “Напсиңе азгырылба, пайгамбар алып келген жолго жүр, намаз оку” десең, моюн сунбай, каапырчылыкты тандашкан.
Дал ошол күндө Раббиңдин алдына айдап келүү болоор!*

فَلَا صَدَّقَ وَلَا صَلَّىٰ

Ал эми (каапыр болсо, пайгамбарды да) тастыктабады, намаз да окубады.

Ал эми (каапыр болсо, пайгамбарды да) тастыктабады, намаз да окубады.

وَلَٰكِن كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰ

Бирок, «жалган» деп далысын салып койду.

Бирок, «жалган» деп далысын салып койду.

ثُمَّ ذَهَبَ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِۦ يَتَمَطَّىٰٓ

Андан соң текеберленип (каңгыраган, бош жүрөк менен) үй-бүлөсүнө кетти.*

* (Садий, Куртубий)
Андан соң текеберленип (каңгыраган, бош жүрөк менен) үй-бүлөсүнө кетти.*

أَوۡلَىٰ لَكَ فَأَوۡلَىٰ

Өлүм болсун сага өлүм!

Өлүм болсун сага өлүм!

ثُمَّ أَوۡلَىٰ لَكَ فَأَوۡلَىٰٓ

Андан соң (дагы) сага өлүм болсун, өлүм!

Андан соң (дагы) сага өлүм болсун, өлүм!

أَيَحۡسَبُ ٱلۡإِنسَٰنُ أَن يُتۡرَكَ سُدًى

(Күнөөкөр) инсан өзүн (дүйнөдө) бей-максат таштап коюлган деп ойлойбу?!*

* Инсаниятты жаратуудан Аллах тааланын максаты эмне эле? Бул суроого Аллах таала: “Мен (бардык) жин(дер) жана инсан(дар)ды Өзүмө гана ибадат кылуулары үчүн жараттым” - деп жооп берет. (“Заарият”-56)
(Күнөөкөр) инсан өзүн (дүйнөдө) бей-максат таштап коюлган деп ойлойбу?!*

أَلَمۡ يَكُ نُطۡفَةٗ مِّن مَّنِيّٖ يُمۡنَىٰ

Ал (түпкүлүгүндө) атырылган бел суунун бир тамчысы эмес беле?!

Ал (түпкүлүгүндө) атырылган бел суунун бир тамчысы эмес беле?!

ثُمَّ كَانَ عَلَقَةٗ فَخَلَقَ فَسَوَّىٰ

Анан коюу кан болду. Анан (Аллах) аны кадыресе адам шекилине келтирди (жана жан киргизди)

Анан коюу кан болду. Анан (Аллах) аны кадыресе адам шекилине келтирди (жана жан киргизди)

فَجَعَلَ مِنۡهُ ٱلزَّوۡجَيۡنِ ٱلذَّكَرَ وَٱلۡأُنثَىٰٓ

Анан аны (түйүлдүктү) эки жуп: эркек менен аял кылып жаратты.

Анан аны (түйүлдүктү) эки жуп: эркек менен аял кылып жаратты.

أَلَيۡسَ ذَٰلِكَ بِقَٰدِرٍ عَلَىٰٓ أَن يُحۡـِۧيَ ٱلۡمَوۡتَىٰ

Эми, ушул (Аллах) өлүктөрдү (экинчи ирет) тирилтүүгө кудуреттүү эмеспи?!

Эми, ушул (Аллах) өлүктөрдү (экинчи ирет) тирилтүүгө кудуреттүү эмеспи?!
Footer Include