Header Include

Kyrgyz translation

Translation of the meanings of the Noble Qur’an into the Kyrgyz language, translated by Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq, reviewed and developed under the supervision of the Rowad Translation Center.

QR Code https://quran.islamcontent.com/ps/kyrgyz_hakimov

وَيۡلٞ لِّلۡمُطَفِّفِينَ

Таразадан алдагандарга чоң азап болсун!*

* Бул сүрө Меккеде түшкөн. 36 аяттан турат. “Мутаффифин” деген сөздүн мааниси “таразадан алдагандар”.
Таразадан алдагандарга чоң азап болсун!*

ٱلَّذِينَ إِذَا ٱكۡتَالُواْ عَلَى ٱلنَّاسِ يَسۡتَوۡفُونَ

Алар адамдардан (бир нерсени) өлчөтүп (же тарттырып) алган кезде толтуруп алышат дагы,

Алар адамдардан (бир нерсени) өлчөтүп (же тарттырып) алган кезде толтуруп алышат дагы,

وَإِذَا كَالُوهُمۡ أَو وَّزَنُوهُمۡ يُخۡسِرُونَ

Бирөөлөргө өлчөп же тартып бергенде кемитип беришет.

Бирөөлөргө өлчөп же тартып бергенде кемитип беришет.

أَلَا يَظُنُّ أُوْلَٰٓئِكَ أَنَّهُم مَّبۡعُوثُونَ

Алар кайра тирилүүлөрүн ойлонушпайт бекен?

Алар кайра тирилүүлөрүн ойлонушпайт бекен?

لِيَوۡمٍ عَظِيمٖ

Улуу Күн – Кыяматта!

Улуу Күн – Кыяматта!

يَوۡمَ يَقُومُ ٱلنَّاسُ لِرَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Ал күнү (бардык) адамдар ааламдардын Раббисинин алдында (сурак берүү үчүн) тикесинен туруп калышат!

Ал күнү (бардык) адамдар ааламдардын Раббисинин алдында (сурак берүү үчүн) тикесинен туруп калышат!

كَلَّآ إِنَّ كِتَٰبَ ٱلۡفُجَّارِ لَفِي سِجِّينٖ

Жок! Бузукулардын амал китептери «Сижжинде» экени анык!

Жок! Бузукулардын амал китептери «Сижжинде» экени анык!

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا سِجِّينٞ

(Оо, Мухаммад!) сен «Сижжин» эмне экенин билбейсиң!*

* “Сижжин” – бул жети кабат жердин түбүндөгү өтө тар, кысылган, караңгы орун. Таразадан кымтып калган кыянатчылардын рухтары жана амал китептери ошол жерде сакталат.
(Оо, Мухаммад!) сен «Сижжин» эмне экенин билбейсиң!*

كِتَٰبٞ مَّرۡقُومٞ

Ал – жазылган китеп.

Ал – жазылган китеп.

وَيۡلٞ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُكَذِّبِينَ

Ал (Кыямат) күндө (аны) жалган дегендерге чоң азап берилет!

Ал (Кыямат) күндө (аны) жалган дегендерге чоң азап берилет!

ٱلَّذِينَ يُكَذِّبُونَ بِيَوۡمِ ٱلدِّينِ

Алар сурак күндү жалган дегендер.

Алар сурак күндү жалган дегендер.

وَمَا يُكَذِّبُ بِهِۦٓ إِلَّا كُلُّ مُعۡتَدٍ أَثِيمٍ

Ал күндү ар бир чектен чыккан, күнөөгө баткан (каапыр) пенделер «жалган» дешет.

Ал күндү ар бир чектен чыккан, күнөөгө баткан (каапыр) пенделер «жалган» дешет.

إِذَا تُتۡلَىٰ عَلَيۡهِ ءَايَٰتُنَا قَالَ أَسَٰطِيرُ ٱلۡأَوَّلِينَ

А(лар)га Биздин аяттарыбыз окуп берилген кезде «(бул) байыркылардын жөө жомогу» дешет.

А(лар)га Биздин аяттарыбыз окуп берилген кезде «(бул) байыркылардын жөө жомогу» дешет.

كَلَّاۖ بَلۡۜ رَانَ عَلَىٰ قُلُوبِهِم مَّا كَانُواْ يَكۡسِبُونَ

Жок, тескерисинче, жасаган (күнөө) иштери жүрөктөрүн ороп алган.*

* Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам айткан: “Эгер пенде бир күнөө иш жасаса, жүрөгүнө чекиттей кара так орноп калат. Ошондо, эгер Аллах тааладан кечирим сурап, тообо кылса жүрөгү тазаланат. Эгерде күнөө ишин улантчу болсо, ал кара так чоңоюп-чоңоюп олтуруп, бүт жүрөгүн ороп калат”. (Куртубий)
Жок, тескерисинче, жасаган (күнөө) иштери жүрөктөрүн ороп алган.*

كَلَّآ إِنَّهُمۡ عَن رَّبِّهِمۡ يَوۡمَئِذٖ لَّمَحۡجُوبُونَ

Чынында, ошол (Кыямат) күнү алар Раббилеринен тосулган болушат.*

* Кыяматта үч түрлүү азап бар: биринчиси: от-тозок азабы, экинчиси: жемелеп, сөгүш берүү азабы, үчүнчүсү Аллахтын жүзүн көрүүдөн бей насип калуу азабы.
Чынында, ошол (Кыямат) күнү алар Раббилеринен тосулган болушат.*

ثُمَّ إِنَّهُمۡ لَصَالُواْ ٱلۡجَحِيمِ

Андан соң, алар тозокко ташталышат.

Андан соң, алар тозокко ташталышат.

ثُمَّ يُقَالُ هَٰذَا ٱلَّذِي كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ

Кийин аларга: «Силер аны «жалган» деген нерсе (тозок) ушул!» – деп айтылат.

Кийин аларга: «Силер аны «жалган» деген нерсе (тозок) ушул!» – деп айтылат.

كَلَّآ إِنَّ كِتَٰبَ ٱلۡأَبۡرَارِ لَفِي عِلِّيِّينَ

Чынында, жакшы пенделердин китептери* «Иллийюнда».

Амал баракчалары
Чынында, жакшы пенделердин китептери* «Иллийюнда».

وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا عِلِّيُّونَ

(Оо, Мухаммад!) Сен «Иллийюн» эмне экенин билбейсиң.*

* «Иллийюн» - бул Сижжиндин тескериси. Эгер Сижжин жети кабат жердин түбүндө болсо, Иллийюн жогорку бейиштердеги орун. Ал жерде бейиши болгон пенделердин амал китептери сакталат.
(Оо, Мухаммад!) Сен «Иллийюн» эмне экенин билбейсиң.*

كِتَٰبٞ مَّرۡقُومٞ

Ал – жазылган китеп.

Ал – жазылган китеп.

يَشۡهَدُهُ ٱلۡمُقَرَّبُونَ

Аны (Аллахка) жакындар (периштелер) көрүп турат.

Аны (Аллахка) жакындар (периштелер) көрүп турат.

إِنَّ ٱلۡأَبۡرَارَ لَفِي نَعِيمٍ

Жакшы (ыймандуу) пенделер «Наим» (деп аталган) бейиштерде.

Жакшы (ыймандуу) пенделер «Наим» (деп аталган) бейиштерде.

عَلَى ٱلۡأَرَآئِكِ يَنظُرُونَ

Сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат.

Сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат.

تَعۡرِفُ فِي وُجُوهِهِمۡ نَضۡرَةَ ٱلنَّعِيمِ

Сен алардын жүздөрүнөн «Наим» бейишинин кубаныч-таасирин көрөсүң.

Сен алардын жүздөрүнөн «Наим» бейишинин кубаныч-таасирин көрөсүң.

يُسۡقَوۡنَ مِن رَّحِيقٖ مَّخۡتُومٍ

Аларга (мас кылуу кесепетинен) сакталган таттуу шараптар ичирилет.

Аларга (мас кылуу кесепетинен) сакталган таттуу шараптар ичирилет.

خِتَٰمُهُۥ مِسۡكٞۚ وَفِي ذَٰلِكَ فَلۡيَتَنَافَسِ ٱلۡمُتَنَٰفِسُونَ

Ал шараптын сактагычы - «миск».* Эми, ушул нерсе үчүн жарышкандар жарышсын!

* «Миск» - бул жыпар жыты өтө күчтүү болгон нерсе. Ошол нерсени шарапка аралаштыруу менен анын жыты сакталып, мас кылуучу касиети жоготулат.
Ал шараптын сактагычы - «миск».* Эми, ушул нерсе үчүн жарышкандар жарышсын!

وَمِزَاجُهُۥ مِن تَسۡنِيمٍ

Ал шараптын (дагы бир) аралашмасы «таснимден».

Ал шараптын (дагы бир) аралашмасы «таснимден».

عَيۡنٗا يَشۡرَبُ بِهَا ٱلۡمُقَرَّبُونَ

(Тасним - бул) Аллахка эң жакын болгон пенделер гана иче ала турган булак.

(Тасним - бул) Аллахка эң жакын болгон пенделер гана иче ала турган булак.

إِنَّ ٱلَّذِينَ أَجۡرَمُواْ كَانُواْ مِنَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ يَضۡحَكُونَ

Ал эми, күнөөкөр адамдар (бул дүйнөдө) ыймандуу кишилердин үстүнөн күлгөн.

Ал эми, күнөөкөр адамдар (бул дүйнөдө) ыймандуу кишилердин үстүнөн күлгөн.

وَإِذَا مَرُّواْ بِهِمۡ يَتَغَامَزُونَ

(Ыймандуулар) алардын жанынан өткөндө, (бири-бирине) ымдап көргөзүп, шылдыңдашкан.

(Ыймандуулар) алардын жанынан өткөндө, (бири-бирине) ымдап көргөзүп, шылдыңдашкан.

وَإِذَا ٱنقَلَبُوٓاْ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِمُ ٱنقَلَبُواْ فَكِهِينَ

Үй-бүлөсүнө кайтканда (мыскылдагандан ырахат алып) кубанычтуу кайтышкан.

Үй-бүлөсүнө кайтканда (мыскылдагандан ырахат алып) кубанычтуу кайтышкан.

وَإِذَا رَأَوۡهُمۡ قَالُوٓاْ إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ لَضَآلُّونَ

Эгер аларды көрүп калса, «Булар - адашкандар» деп айтышкан.

Эгер аларды көрүп калса, «Булар - адашкандар» деп айтышкан.

وَمَآ أُرۡسِلُواْ عَلَيۡهِمۡ حَٰفِظِينَ

Алар (каапырлар) аларга (ыймандууларга) кароолчу кылып жиберилбеген го!

Алар (каапырлар) аларга (ыймандууларга) кароолчу кылып жиберилбеген го!

فَٱلۡيَوۡمَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مِنَ ٱلۡكُفَّارِ يَضۡحَكُونَ

Эми, ал (Кыямат) күндө болсо, ыйман келтиргендер каапырлардын үстүнөн күлүшөт.

Эми, ал (Кыямат) күндө болсо, ыйман келтиргендер каапырлардын үстүнөн күлүшөт.

عَلَى ٱلۡأَرَآئِكِ يَنظُرُونَ

Сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат.

Сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат.

هَلۡ ثُوِّبَ ٱلۡكُفَّارُ مَا كَانُواْ يَفۡعَلُونَ

Каапырлар жасаган (күнөө) иштерине сооп алмак беле?!

Каапырлар жасаган (күнөө) иштерине сооп алмак беле?!
Footer Include