Bản dịch tiếng Kyrgyzstan - Shamsuddin Hakimov
Dịch thuật ý nghĩa Kinh Qur'an
Người dịch Shamsuddin Hakimov 'Abdul Khaliq, phát triển dưới sự giám sát của Trung tâm Dịch thuật Rowad.
إِذَا ٱلشَّمۡسُ كُوِّرَتۡ
Күн оролуп (нуру жоголуп),
وَإِذَا ٱلنُّجُومُ ٱنكَدَرَتۡ
жылдыздар (кыйрап) төгүлүп,
وَإِذَا ٱلۡجِبَالُ سُيِّرَتۡ
Тоолор (тытылган жүн сыяктуу) учурулуп,
وَإِذَا ٱلۡعِشَارُ عُطِّلَتۡ
курсагында он айлык баласы бар (кымбат баалуу) төөлөр дагы көңүл сыртында калып,[1]
وَإِذَا ٱلۡوُحُوشُ حُشِرَتۡ
жапайы айбандар (үркүп, бир жерге) чогулуп,[1]
وَإِذَا ٱلۡبِحَارُ سُجِّرَتۡ
деңиздер жанып – от болуп,
وَإِذَا ٱلنُّفُوسُ زُوِّجَتۡ
жандар бири-бирине коштолуп…[1]
وَإِذَا ٱلۡمَوۡءُۥدَةُ سُئِلَتۡ
Тирүүлөй көмүп жиберилген бөбөк кыздар суралганда -
بِأَيِّ ذَنۢبٖ قُتِلَتۡ
Кайсы күнөө(ңөр) үчүн өлтүрүлдү(ңөр деп)...[1]
وَإِذَا ٱلصُّحُفُ نُشِرَتۡ
Жана (бардык адамдарга) амал баракчалары таратылып,
وَإِذَا ٱلسَّمَآءُ كُشِطَتۡ
асман сыйрылып алынганда...
وَإِذَا ٱلۡجَحِيمُ سُعِّرَتۡ
Тозок (катуу) кызытылып,
وَإِذَا ٱلۡجَنَّةُ أُزۡلِفَتۡ
Бейиш (ыймандуу адамдарга) жакын алып келингенде…
عَلِمَتۡ نَفۡسٞ مَّآ أَحۡضَرَتۡ
(Ошол күнү бардык) жан (Акырет үчүн) эмне алып келгенин билет.
فَلَآ أُقۡسِمُ بِٱلۡخُنَّسِ
Жок. Артта кала турган жылдыздарга ант ичип,
ٱلۡجَوَارِ ٱلۡكُنَّسِ
(аларга) жолдош, көрүнбөгөн жылдыздарга ант ичип,
وَٱلَّيۡلِ إِذَا عَسۡعَسَ
(караңгысы менен) келген түнгө ант ичип,
وَٱلصُّبۡحِ إِذَا تَنَفَّسَ
агарган таңга ант ичип (айтамын):
إِنَّهُۥ لَقَوۡلُ رَسُولٖ كَرِيمٖ
Чынында, ал (Куран) Улуу Элчинин Сөзү![1]
ذِي قُوَّةٍ عِندَ ذِي ٱلۡعَرۡشِ مَكِينٖ
Арш Ээсинин[1] алдында (Жебирейилдин) туруктуу урматы бар (жана ал) өтө күч-кубаттуу.
مُّطَاعٖ ثَمَّ أَمِينٖ
Ал жерде (жогорку жамаат арасында) сөзү өтүмдүү (жана) ишенимдүү.
وَمَا صَاحِبُكُم بِمَجۡنُونٖ
(Эй, мушриктер!) Силердин дайым бирге жүргөн шеригиңер (Мухаммад) жинди эмес.
وَلَقَدۡ رَءَاهُ بِٱلۡأُفُقِ ٱلۡمُبِينِ
Ал чынында аны (Жебирейилди) айкын мейкиндикте көргөн.
وَمَا هُوَ عَلَى ٱلۡغَيۡبِ بِضَنِينٖ
Жана ал кайыпты (силерден) кызгануучу эмес.[1]
وَمَا هُوَ بِقَوۡلِ شَيۡطَٰنٖ رَّجِيمٖ
Жана ал[1] каргышка жолуккан Шайтандын сөзү да эмес![2]
فَأَيۡنَ تَذۡهَبُونَ
Эми, (чындыктан жүз буруп) кайда бара жатасыңар?!
إِنۡ هُوَ إِلَّا ذِكۡرٞ لِّلۡعَٰلَمِينَ
Ал (Куран) албетте, ааламдар үчүн эскертүү!
لِمَن شَآءَ مِنكُمۡ أَن يَسۡتَقِيمَ
Силердин араңардан оңолууну каалгандар үчүн (эскертүү!)
وَمَا تَشَآءُونَ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُ رَبُّ ٱلۡعَٰلَمِينَ
Жана силер (оо, пенделер) ааламдардын Раббиси каалагандан башканы каалай албайсыңар!
share_via