Bản dịch tiếng Kyrgyzstan - Shamsuddin Hakimov
Dịch thuật ý nghĩa Kinh Qur'an
Người dịch Shamsuddin Hakimov 'Abdul Khaliq, phát triển dưới sự giám sát của Trung tâm Dịch thuật Rowad.
لَآ أُقۡسِمُ بِهَٰذَا ٱلۡبَلَدِ
Ушул шаарга ант!
وَأَنتَ حِلُّۢ بِهَٰذَا ٱلۡبَلَدِ
Сен (оо, Мухаммад) ушул шаарда жашайсың.
وَوَالِدٖ وَمَا وَلَدَ
(Адам)-Атага жана урпактарга ант!
لَقَدۡ خَلَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ فِي كَبَدٍ
Биз инсанды машакатка жараттык.[1]
أَيَحۡسَبُ أَن لَّن يَقۡدِرَ عَلَيۡهِ أَحَدٞ
(Каапыр) инсан өзүнө эч кимдин күчү жетпейт деп ойлойбу?
يَقُولُ أَهۡلَكۡتُ مَالٗا لُّبَدًا
Ал “эсепсиз мал-дүйнө короттум” дейт.
أَيَحۡسَبُ أَن لَّمۡ يَرَهُۥٓ أَحَدٌ
Ал өзүн эч ким көрбөй турат деп ойлойбу?
أَلَمۡ نَجۡعَل لَّهُۥ عَيۡنَيۡنِ
Биз ага эки көз бербедикпи?
وَلِسَانٗا وَشَفَتَيۡنِ
Тил жана эки эрин бербедикпи?!
وَهَدَيۡنَٰهُ ٱلنَّجۡدَيۡنِ
Жана Биз аны эки жолго багыттадык.[1]
فَلَا ٱقۡتَحَمَ ٱلۡعَقَبَةَ
Ал (каапыр инсан) оор жолго жүрбөдү.
وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلۡعَقَبَةُ
(Оо, Мухаммад) сен оор жол эмне экенин билбейсиң.
فَكُّ رَقَبَةٍ
(Оор жол – бул) кул азат кылуу
أَوۡ إِطۡعَٰمٞ فِي يَوۡمٖ ذِي مَسۡغَبَةٖ
же болбосо каатчылык күндө тамак-аш берүү –
يَتِيمٗا ذَا مَقۡرَبَةٍ
тууганчылыгы бар жетимге.
أَوۡ مِسۡكِينٗا ذَا مَتۡرَبَةٖ
Же чаңга буланган кедейге
ثُمَّ كَانَ مِنَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَتَوَاصَوۡاْ بِٱلصَّبۡرِ وَتَوَاصَوۡاْ بِٱلۡمَرۡحَمَةِ
Кийин (бул кайрымдуулукту жасаган) адам ыймандуулардан жана бири-бирин сабырга, ырайымдуулукка чакыруучулардан болсо,
أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَيۡمَنَةِ
Ошолор гана оң тарап ээлери!
وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِـَٔايَٰتِنَا هُمۡ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَشۡـَٔمَةِ
Ал эми, Биздин аяттарыбызга каапыр болгондор сол тарап ээлери.[1]
عَلَيۡهِمۡ نَارٞ مُّؤۡصَدَةُۢ
Аларды ар жактан от каптап алган.
share_via