Header Include

Kyrgyz translation

Translation of the meanings of the Noble Qur’an into the Kyrgyz language, translated by Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq, reviewed and developed under the supervision of the Rowad Translation Center.

QR Code https://quran.islamcontent.com/fa/kyrgyz_hakimov

وَٱلذَّٰرِيَٰتِ ذَرۡوٗا

(Топуракты) тозгута желген шамалдарга ант!*

* Бул сүрө Меккеде түшкөн. 60 аяттан турат. "Зарият" "Шамалдар" деген мааниде.
(Топуракты) тозгута желген шамалдарга ант!*

فَٱلۡحَٰمِلَٰتِ وِقۡرٗا

Көп сууга (жамгырга) кош бойлуу болгон булуттарга ант!

Көп сууга (жамгырга) кош бойлуу болгон булуттарга ант!

فَٱلۡجَٰرِيَٰتِ يُسۡرٗا

Жеңил сызып жүрүүчүлөргө (кемелерге) ант!

Жеңил сызып жүрүүчүлөргө (кемелерге) ант!

فَٱلۡمُقَسِّمَٰتِ أَمۡرًا

(Аллахтын тапшырмасы менен ааламдык) иштерди бөлүштүрүүчү периштелерге ант!

(Аллахтын тапшырмасы менен ааламдык) иштерди бөлүштүрүүчү периштелерге ант!

إِنَّمَا تُوعَدُونَ لَصَادِقٞ

(Оо, пенделер!) Силерге убада кылынган нерсе* – бул чындык!

* Аллах бизге Өзунун Китебинде Кыямат болушун, ал Күндө ар бир пенде өзүнүн дүйнөлүк жашоосу жөнүндө жооп беришин убада кылган.
(Оо, пенделер!) Силерге убада кылынган нерсе* – бул чындык!

وَإِنَّ ٱلدِّينَ لَوَٰقِعٞ

Жана Кыямат сөзсүз болуучу!

Жана Кыямат сөзсүз болуучу!

وَٱلسَّمَآءِ ذَاتِ ٱلۡحُبُكِ

Кооз-көркөм асманга ант!

Кооз-көркөм асманга ант!

إِنَّكُمۡ لَفِي قَوۡلٖ مُّخۡتَلِفٖ

(Эй, мушриктер) силердин айткан-дегениңер аныгында туруксуз (сөздөр).

(Эй, мушриктер) силердин айткан-дегениңер аныгында туруксуз (сөздөр).

يُؤۡفَكُ عَنۡهُ مَنۡ أُفِكَ

Андан (Курандан) бурулган адам(ды чындыктан) буруп коюлат.

Андан (Курандан) бурулган адам(ды чындыктан) буруп коюлат.

قُتِلَ ٱلۡخَرَّٰصُونَ

Жалганчыларга өлүм!

Жалганчыларга өлүм!

ٱلَّذِينَ هُمۡ فِي غَمۡرَةٖ سَاهُونَ

Алар наадандык толкундарында адашкандар!

Алар наадандык толкундарында адашкандар!

يَسۡـَٔلُونَ أَيَّانَ يَوۡمُ ٱلدِّينِ

(Сени сынап, жалганчыга чыгаруу үчүн): «Кыямат Күн качан?» - деп сурашат.

(Сени сынап, жалганчыга чыгаруу үчүн): «Кыямат Күн качан?» - деп сурашат.

يَوۡمَ هُمۡ عَلَى ٱلنَّارِ يُفۡتَنُونَ

Ал Күнү тозокто азап тартышат!

Ал Күнү тозокто азап тартышат!

ذُوقُواْ فِتۡنَتَكُمۡ هَٰذَا ٱلَّذِي كُنتُم بِهِۦ تَسۡتَعۡجِلُونَ

(Анан аларга) «Азабыңарды тарткыла! Силер («качан-качан» деп) шаштырган күнүңөр – ушул» (деп айтылат).

(Анан аларга) «Азабыңарды тарткыла! Силер («качан-качан» деп) шаштырган күнүңөр – ушул» (деп айтылат).

إِنَّ ٱلۡمُتَّقِينَ فِي جَنَّٰتٖ وَعُيُونٍ

(Ал эми) такыба кишилер бейиштерде, булактарда,

(Ал эми) такыба кишилер бейиштерде, булактарда,

ءَاخِذِينَ مَآ ءَاتَىٰهُمۡ رَبُّهُمۡۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَبۡلَ ذَٰلِكَ مُحۡسِنِينَ

Раббиси берген сыйлыктарды алышып. (Себеби), алар буга чейин (дүйнө жашоосунда) жакшылык (сооп иш) кылуучу болушкан.

Раббиси берген сыйлыктарды алышып. (Себеби), алар буга чейин (дүйнө жашоосунда) жакшылык (сооп иш) кылуучу болушкан.

كَانُواْ قَلِيلٗا مِّنَ ٱلَّيۡلِ مَا يَهۡجَعُونَ

Алар түндөсү бир аз эле укташкан.

Алар түндөсү бир аз эле укташкан.

وَبِٱلۡأَسۡحَارِ هُمۡ يَسۡتَغۡفِرُونَ

Таң мезгилдеринде (намаз окушуп, Раббисинен) кечирим сурашкан.*

*Садий бул аяттагы «таң мезгилдерин» пенденин дубасы сөзсүз кабыл боло турган, түндүн үчтөн экиси өтүп, үчтөн бири калгандагы убакыт дейт. Анткени, пайгамбарыбыз (с.а.в) көбүнчө дал ушул убакытта «тахажжуд» намазын окуп, Багымдатка чейин дуба-ибадат менен машгул болгон.
Таң мезгилдеринде (намаз окушуп, Раббисинен) кечирим сурашкан.*

وَفِيٓ أَمۡوَٰلِهِمۡ حَقّٞ لِّلسَّآئِلِ وَٱلۡمَحۡرُومِ

Алардын (адал эмгек менен тапкан) мал-дүйнөсүндө, тилемчилердин жана муктаждардын* акысы болгон.

* Бул аятта муктаждарды тилемчилерден бөлүп көрсөтүүнүн себеби, кээ бир муктаж момун-мусулмандар жокчулуктан ар канча кыйналса да бирөөдөн бир нерсени сурагандан тартынышат, ыйбаа кылышат. Ал эми, чыныгы бейишке татыктуу байлар ошолордун муктажыдыгын суратпай эле билип, өздөрү алып барып беришет.
Алардын (адал эмгек менен тапкан) мал-дүйнөсүндө, тилемчилердин жана муктаждардын* акысы болгон.

وَفِي ٱلۡأَرۡضِ ءَايَٰتٞ لِّلۡمُوقِنِينَ

Жерде (андагы жандуу-жансыз макулуктарда) терең ишенген кишилерге (Аллахтын Кудуретине) белгилер бар.

Жерде (андагы жандуу-жансыз макулуктарда) терең ишенген кишилерге (Аллахтын Кудуретине) белгилер бар.

وَفِيٓ أَنفُسِكُمۡۚ أَفَلَا تُبۡصِرُونَ

Силердин өзүңөрдө да (белгилер бар). Карабайсыңарбы?

Силердин өзүңөрдө да (белгилер бар). Карабайсыңарбы?

وَفِي ٱلسَّمَآءِ رِزۡقُكُمۡ وَمَا تُوعَدُونَ

Асманда силердин ырыскыңар* жана силерге убада кылынган нерселер бар.

* Анткени, ырыскы деген асмандан түшөтю Инсаниятка жерден чыккан ырыскылардын себепчиси - жамгыр деле асмандан түшөт.
Асманда силердин ырыскыңар* жана силерге убада кылынган нерселер бар.

فَوَرَبِّ ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِ إِنَّهُۥ لَحَقّٞ مِّثۡلَ مَآ أَنَّكُمۡ تَنطِقُونَ

Асман жана жердин Раббисине ант, (оо, инсандар) албетте ал (Аллахтын Лавхул-Махфуздагы убадасы) силердин сүйлөп жатканыңар сыяктуу эле Акыйкат!

Асман жана жердин Раббисине ант, (оо, инсандар) албетте ал (Аллахтын Лавхул-Махфуздагы убадасы) силердин сүйлөп жатканыңар сыяктуу эле Акыйкат!

هَلۡ أَتَىٰكَ حَدِيثُ ضَيۡفِ إِبۡرَٰهِيمَ ٱلۡمُكۡرَمِينَ

(Оо, Мухаммад!) сага Ибрахимдин урматтуу конокторунун кабары келди беле?

(Оо, Мухаммад!) сага Ибрахимдин урматтуу конокторунун кабары келди беле?

إِذۡ دَخَلُواْ عَلَيۡهِ فَقَالُواْ سَلَٰمٗاۖ قَالَ سَلَٰمٞ قَوۡمٞ مُّنكَرُونَ

Бир кезде алар (адам түспөлүндөгү эки периште) ага кирип «Салам» дешти. Ал дагы «салам (эй) бейтааныш кишилер» деди.

Бир кезде алар (адам түспөлүндөгү эки периште) ага кирип «Салам» дешти. Ал дагы «салам (эй) бейтааныш кишилер» деди.

فَرَاغَ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِۦ فَجَآءَ بِعِجۡلٖ سَمِينٖ

Анан, сездирбей гана үй-бүлөсүнө барып, семиз музоону(н бышкан этин) алып келди.

Анан, сездирбей гана үй-бүлөсүнө барып, семиз музоону(н бышкан этин) алып келди.

فَقَرَّبَهُۥٓ إِلَيۡهِمۡ قَالَ أَلَا تَأۡكُلُونَ

Аны аларга жакын коюп «Эмнеге жебейсиңер?» деди.

Аны аларга жакын коюп «Эмнеге жебейсиңер?» деди.

فَأَوۡجَسَ مِنۡهُمۡ خِيفَةٗۖ قَالُواْ لَا تَخَفۡۖ وَبَشَّرُوهُ بِغُلَٰمٍ عَلِيمٖ

Андан соң алардан кооптоно түштү. «Сен коркпогун» – дешти алар жана ага бир аалым перзенттин куш кабарын беришти.

Андан соң алардан кооптоно түштү. «Сен коркпогун» – дешти алар жана ага бир аалым перзенттин куш кабарын беришти.

فَأَقۡبَلَتِ ٱمۡرَأَتُهُۥ فِي صَرَّةٖ فَصَكَّتۡ وَجۡهَهَا وَقَالَتۡ عَجُوزٌ عَقِيمٞ

Анын (Ибрахимдин) аялы (таңыркап) кыйкырган бойдон, бетине шапаттап, айтты: «Мен туубас кемпирмин го?!».

Анын (Ибрахимдин) аялы (таңыркап) кыйкырган бойдон, бетине шапаттап, айтты: «Мен туубас кемпирмин го?!».

قَالُواْ كَذَٰلِكِ قَالَ رَبُّكِۖ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡحَكِيمُ ٱلۡعَلِيمُ

«Раббиң ушундай деди. Ал Бир Өзү гана Даанышман, Билүүчү» - дешти (периштелер).

«Раббиң ушундай деди. Ал Бир Өзү гана Даанышман, Билүүчү» - дешти (периштелер).

۞ قَالَ فَمَا خَطۡبُكُمۡ أَيُّهَا ٱلۡمُرۡسَلُونَ

«Оо, элчилер, эмне жумуш менен?» – деди. (Ибрахим)

«Оо, элчилер, эмне жумуш менен?» – деди. (Ибрахим)

قَالُوٓاْ إِنَّآ أُرۡسِلۡنَآ إِلَىٰ قَوۡمٖ مُّجۡرِمِينَ

(Периштелер) айтты: «Биз күнөөкөр коомго (Лут коомуна) жиберилдик.

(Периштелер) айтты: «Биз күнөөкөр коомго (Лут коомуна) жиберилдик.

لِنُرۡسِلَ عَلَيۡهِمۡ حِجَارَةٗ مِّن طِينٖ

Алардын үстүнө чопо-таштарды жаадырыш үчүн,

Алардын үстүнө чопо-таштарды жаадырыш үчүн,

مُّسَوَّمَةً عِندَ رَبِّكَ لِلۡمُسۡرِفِينَ

Ал ысырапчылар үчүн Раббиңдин алдында (ар бирине тие турган ташка ысымдары) белгиленип коюлган.

Ал ысырапчылар үчүн Раббиңдин алдында (ар бирине тие турган ташка ысымдары) белгиленип коюлган.

فَأَخۡرَجۡنَا مَن كَانَ فِيهَا مِنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Биз ыймандууларды (шаардан) чыгардык.

Биз ыймандууларды (шаардан) чыгардык.

فَمَا وَجَدۡنَا فِيهَا غَيۡرَ بَيۡتٖ مِّنَ ٱلۡمُسۡلِمِينَ

Ал жерде бир гана (Лутка тиешелүү) үйдөн* башка мусулмандарды таппадык.

* Элдин бардыгы чекеден бузулуп, бачабаз болуп, аялдары да ал ишке кайыл болуп калышкан. Луттун үй-бүлөсүнөн анын аялы бузукларга кошулуп кеткен. Ошондуктан шаардан чыгарылган Луттун үй-бүлөсүнүн арасында ал болгон эмес.
Ал жерде бир гана (Лутка тиешелүү) үйдөн* башка мусулмандарды таппадык.

وَتَرَكۡنَا فِيهَآ ءَايَةٗ لِّلَّذِينَ يَخَافُونَ ٱلۡعَذَابَ ٱلۡأَلِيمَ

Жана биз ал жерде катуу азаптан корко турган элдер үчүн (апааттын) белгилер(ин) калтырдык.

Жана биз ал жерде катуу азаптан корко турган элдер үчүн (апааттын) белгилер(ин) калтырдык.

وَفِي مُوسَىٰٓ إِذۡ أَرۡسَلۡنَٰهُ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ بِسُلۡطَٰنٖ مُّبِينٖ

Муса(нын окуясын)да дагы (азаптан корко турган элдер үчүн) белгилер бар. Бир кезде Биз аны Фараонго анык далил (дин) менен жибердик эле...

Муса(нын окуясын)да дагы (азаптан корко турган элдер үчүн) белгилер бар. Бир кезде Биз аны Фараонго анык далил (дин) менен жибердик эле...

فَتَوَلَّىٰ بِرُكۡنِهِۦ وَقَالَ سَٰحِرٌ أَوۡ مَجۡنُونٞ

(Фараон) далысын салып, тескери карады жана: «(Муса) сыйкырчы жана жинди» - деди.

(Фараон) далысын салып, тескери карады жана: «(Муса) сыйкырчы жана жинди» - деди.

فَأَخَذۡنَٰهُ وَجُنُودَهُۥ فَنَبَذۡنَٰهُمۡ فِي ٱلۡيَمِّ وَهُوَ مُلِيمٞ

Биз аны жана аскерлерин (азап менен) кармап, толкундардын арасына ыргыттык. Ал айыпталган (күнөөкөр) болчу.

Биз аны жана аскерлерин (азап менен) кармап, толкундардын арасына ыргыттык. Ал айыпталган (күнөөкөр) болчу.

وَفِي عَادٍ إِذۡ أَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمُ ٱلرِّيحَ ٱلۡعَقِيمَ

Жана Аад (окуясын)да (сабак) бар: бир кезде Биз аларга кысыр* шамалды жибердик.

* "Кысыр" деген сөз бул жерде "пайдасы жок" деген мааниде. Адатта, шамал булуттарды адап келип. жамгыр жаап, пайда келтирет. Ал эми, Аллахтын Аад коомунун үстүнө жиберген шамал аларга зыян алып келди.
Жана Аад (окуясын)да (сабак) бар: бир кезде Биз аларга кысыр* шамалды жибердик.

مَا تَذَرُ مِن شَيۡءٍ أَتَتۡ عَلَيۡهِ إِلَّا جَعَلَتۡهُ كَٱلرَّمِيمِ

Ал эмнеге тийген болсо, баарын чириген сөөк сыяктуу кылып койду.

Ал эмнеге тийген болсо, баарын чириген сөөк сыяктуу кылып койду.

وَفِي ثَمُودَ إِذۡ قِيلَ لَهُمۡ تَمَتَّعُواْ حَتَّىٰ حِينٖ

Жана Самуд (элинин окуясын)да (белги) бар. Бир кезде аларга: «Убактысы келгенге чейин (үч күн дүйнө жыргалынан) пайдаланып калгыла» деп айтылды.*

* Самуд коому өздөрүнө жиберилген Салих пайгамбарга моюн сунбай, кайра азап жөнүндө эскертүү берсе, "ошол азабың каан келет?" деп келекелешти. Аллахтын буйругу менен аларга "үч күн ичип-жеп, жыргап-куунап алгыла" деп айтылды.
Жана Самуд (элинин окуясын)да (белги) бар. Бир кезде аларга: «Убактысы келгенге чейин (үч күн дүйнө жыргалынан) пайдаланып калгыла» деп айтылды.*

فَعَتَوۡاْ عَنۡ أَمۡرِ رَبِّهِمۡ فَأَخَذَتۡهُمُ ٱلصَّٰعِقَةُ وَهُمۡ يَنظُرُونَ

Алар Аллахтын буйругуна каршы чыгышты. Анан (капыстан) аларды, карап турган абалдарында ач айкырык кармады!*

* Асмандан кулакты тундуруп, жүрөктү жарган ач айкырык келди.
Алар Аллахтын буйругуна каршы чыгышты. Анан (капыстан) аларды, карап турган абалдарында ач айкырык кармады!*

فَمَا ٱسۡتَطَٰعُواْ مِن قِيَامٖ وَمَا كَانُواْ مُنتَصِرِينَ

(Жаткан, олтурган орундарынан) турганга да үлгүрбөй (кыйрап) калышты! Алар жардам берилгендерден болушпады.

(Жаткан, олтурган орундарынан) турганга да үлгүрбөй (кыйрап) калышты! Алар жардам берилгендерден болушпады.

وَقَوۡمَ نُوحٖ مِّن قَبۡلُۖ إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَوۡمٗا فَٰسِقِينَ

Биз андан мурун Нух(тун каапыр) коомун да (кыйраткан элек). Алар бузуку коом болгон.

Биз андан мурун Нух(тун каапыр) коомун да (кыйраткан элек). Алар бузуку коом болгон.

وَٱلسَّمَآءَ بَنَيۡنَٰهَا بِأَيۡيْدٖ وَإِنَّا لَمُوسِعُونَ

Биз асманды Күч-Кудурет менен курдук жана Биз аны кеңейтүүчүбүз.

Биз асманды Күч-Кудурет менен курдук жана Биз аны кеңейтүүчүбүз.

وَٱلۡأَرۡضَ فَرَشۡنَٰهَا فَنِعۡمَ ٱلۡمَٰهِدُونَ

Жерди болсо (төшөк кылып) жазып (жашоого даярдап) койдук. Биз эң жакшы даярдоочубуз!

Жерди болсо (төшөк кылып) жазып (жашоого даярдап) койдук. Биз эң жакшы даярдоочубуз!

وَمِن كُلِّ شَيۡءٍ خَلَقۡنَا زَوۡجَيۡنِ لَعَلَّكُمۡ تَذَكَّرُونَ

Жана Биз ар бир нерсени жубу менен жараттык. Кана эми, эскерсеңер!

Жана Биз ар бир нерсени жубу менен жараттык. Кана эми, эскерсеңер!

فَفِرُّوٓاْ إِلَى ٱللَّهِۖ إِنِّي لَكُم مِّنۡهُ نَذِيرٞ مُّبِينٞ

(Бардык күнөөдөн) Аллахка гана качкыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эскертүүчүмүн!

(Бардык күнөөдөн) Аллахка гана качкыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эскертүүчүмүн!

وَلَا تَجۡعَلُواْ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَۖ إِنِّي لَكُم مِّنۡهُ نَذِيرٞ مُّبِينٞ

Аллах менен бирге (өзүңөргө) башка кудай тутпагыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эстетүүчүмүн!

Аллах менен бирге (өзүңөргө) башка кудай тутпагыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эстетүүчүмүн!

كَذَٰلِكَ مَآ أَتَى ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِم مِّن رَّسُولٍ إِلَّا قَالُواْ سَاحِرٌ أَوۡ مَجۡنُونٌ

Ошентип, алардан (Мекке мушриктеринен) мурунку элдерге да (качан) бир пайгамбар келсе, «сыйкырчы» же болбосо «жинди» дешкен.

Ошентип, алардан (Мекке мушриктеринен) мурунку элдерге да (качан) бир пайгамбар келсе, «сыйкырчы» же болбосо «жинди» дешкен.

أَتَوَاصَوۡاْ بِهِۦۚ بَلۡ هُمۡ قَوۡمٞ طَاغُونَ

Алар бири-бирине («пайгамбарды укпагыла» деп) осуят калтырышты беле? Жок! (Андай эмес. Болгону) алар(дын бардыгы Аллахка) каршы чыккан элдер.

Алар бири-бирине («пайгамбарды укпагыла» деп) осуят калтырышты беле? Жок! (Андай эмес. Болгону) алар(дын бардыгы Аллахка) каршы чыккан элдер.

فَتَوَلَّ عَنۡهُمۡ فَمَآ أَنتَ بِمَلُومٖ

(Оо, Мухаммад), сен алардан жүзүңдү бур! (Алардын күнөөгө батканы үчүн) сен айыптуу эмессиң.

(Оо, Мухаммад), сен алардан жүзүңдү бур! (Алардын күнөөгө батканы үчүн) сен айыптуу эмессиң.

وَذَكِّرۡ فَإِنَّ ٱلذِّكۡرَىٰ تَنفَعُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ

Ал эми, (ыймандууларга Раббисин) эстет! Чынында, эскертүү ыймандууларга пайда берет.

Ал эми, (ыймандууларга Раббисин) эстет! Чынында, эскертүү ыймандууларга пайда берет.

وَمَا خَلَقۡتُ ٱلۡجِنَّ وَٱلۡإِنسَ إِلَّا لِيَعۡبُدُونِ

Мен жин жана инсанды Бир Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым.*

* Ошондуктан тарыхта өткөн бардык пайгамбарлар адегенде эле «Аллахка гана ибадат кылгыла! Силерге Андан башка кудай жок» деп даават кылышкан. Бардык пайгамбарлардын каапыр коом менен болгон келишпестиктери ушул эле маселенин үстүндө болгон.
Мен жин жана инсанды Бир Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым.*

مَآ أُرِيدُ مِنۡهُم مِّن رِّزۡقٖ وَمَآ أُرِيدُ أَن يُطۡعِمُونِ

Мен алардан ырыскы сурабаймын. Мени тамактандырууларын да сурабаймын.*

* Аллах бизден бир гана нерсени – Өзүнө ыклас менен ибадат кылууну гана сурайт. Ал эми өз кезегинде, биздин ибадаттарыбыздан Аллахка эмес, өзүбүзгө гана пайда кайтат.
Мен алардан ырыскы сурабаймын. Мени тамактандырууларын да сурабаймын.*

إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلرَّزَّاقُ ذُو ٱلۡقُوَّةِ ٱلۡمَتِينُ

Чынында, Аллахтын Өзү бекем кубат Ээси болгон Ырыскы Берүүчү.

Чынында, Аллахтын Өзү бекем кубат Ээси болгон Ырыскы Берүүчү.

فَإِنَّ لِلَّذِينَ ظَلَمُواْ ذَنُوبٗا مِّثۡلَ ذَنُوبِ أَصۡحَٰبِهِمۡ فَلَا يَسۡتَعۡجِلُونِ

Эми, зулум кылган (каапыр) адамдарга болсо, өздөрүнүн (мурунку замандардагы) шериктеринин азабына окшош (түбөлүк) азап бар. (Ал азапты) шаштырбай турушсун!

Эми, зулум кылган (каапыр) адамдарга болсо, өздөрүнүн (мурунку замандардагы) шериктеринин азабына окшош (түбөлүк) азап бар. (Ал азапты) шаштырбай турушсун!

فَوَيۡلٞ لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن يَوۡمِهِمُ ٱلَّذِي يُوعَدُونَ

Каапыр адамдар үчүн аларга убада кылынган күндө (Кыяматта) өлүм болсун!

Каапыр адамдар үчүн аларга убада кылынган күндө (Кыяматта) өлүм болсун!
Footer Include