Header Include

Kyrgyz translation

Translation of the meanings of the Noble Qur’an into the Kyrgyz language, translated by Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq, reviewed and developed under the supervision of the Rowad Translation Center.

QR Code https://quran.islamcontent.com/fa/kyrgyz_hakimov

عَمَّ يَتَسَآءَلُونَ

Алар (бири-биринен) эмне жөнүндө сурашууда?*

* Бул сүрө Меккеде түшкөн. 40 аяттан турат. Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Аллах таала тарабынан алып келген улук кабарлар араб тилинде «Набаь» деп аталат. Бул улук кабарлардын акыйкат экенине далил-белгилер канчалык көп болгонуна карабай, көпчүлүк мушриктер ага ишенишкен эмес жана бири-бирине «Мухаммад айткан нерселер жалган болуш керек-ээ? Сен эмне дейсиң?» деген сыяктуу суроолорду беришкен. Ошондой эле, алардын шектенүүлөрү ар кандай болуп, өз ара талашып-тартышып турушкан. Айрыкча алар Акырет кабарларын жокко чыгарууда көп талашып-тартышышкан. “Набаь” сүрөсү ушул окуяларды чагылдыруу менен башталат.
Алар (бири-биринен) эмне жөнүндө сурашууда?*

عَنِ ٱلنَّبَإِ ٱلۡعَظِيمِ

Улук Кабар жөнүндө.

Улук Кабар жөнүндө.

ٱلَّذِي هُمۡ فِيهِ مُخۡتَلِفُونَ

Алар ал (Улук Кабар) жөнүндө талашып-тартышышат эле.*

* Кийинки аятта Аллах таала мушриктер ишенбеген кыямат тез эле келип калаарын жана ошол күндө өздөрү «жалган» деген тозокту өз көздөрү менен көрүп, анык билип алышаарын эки ирет кайталоо менен айтат.
Алар ал (Улук Кабар) жөнүндө талашып-тартышышат эле.*

كَلَّا سَيَعۡلَمُونَ

Жок, андай эмес! Жакында билип алышат!

Жок, андай эмес! Жакында билип алышат!

ثُمَّ كَلَّا سَيَعۡلَمُونَ

Дагы бир ирет андай эмес! Жакында билип алышат.

Дагы бир ирет андай эмес! Жакында билип алышат.

أَلَمۡ نَجۡعَلِ ٱلۡأَرۡضَ مِهَٰدٗا

Биз силерге жерди жайылган (төшөк сыяктуу) кылып койбодукпу?!

Биз силерге жерди жайылган (төшөк сыяктуу) кылып койбодукпу?!

وَٱلۡجِبَالَ أَوۡتَادٗا

Тоолорду (бекем) казыктар (сыяктуу кылып жаратпадыкпы?)

Тоолорду (бекем) казыктар (сыяктуу кылып жаратпадыкпы?)

وَخَلَقۡنَٰكُمۡ أَزۡوَٰجٗا

Жана Биз силерди жуп-түгөй* кылып жараттык.

* Эркек-ургаачы
Жана Биз силерди жуп-түгөй* кылып жараттык.

وَجَعَلۡنَا نَوۡمَكُمۡ سُبَاتٗا

Уйкуңарды (денеңер үчүн) ырыхат кылдык.

Уйкуңарды (денеңер үчүн) ырыхат кылдык.

وَجَعَلۡنَا ٱلَّيۡلَ لِبَاسٗا

Түндү (силерге) кийим (сыяктуу) кылдык.

Түндү (силерге) кийим (сыяктуу) кылдык.

وَجَعَلۡنَا ٱلنَّهَارَ مَعَاشٗا

Күндүздү жашоо үчүн жараттык.

Күндүздү жашоо үчүн жараттык.

وَبَنَيۡنَا فَوۡقَكُمۡ سَبۡعٗا شِدَادٗا

Жана силердин үстүңөргө бекем жети (кабат) асманды куруп,

Жана силердин үстүңөргө бекем жети (кабат) асманды куруп,

وَجَعَلۡنَا سِرَاجٗا وَهَّاجٗا

ысык-нурлуу чыракты (күндү) жараттык.

ысык-нурлуу чыракты (күндү) жараттык.

وَأَنزَلۡنَا مِنَ ٱلۡمُعۡصِرَٰتِ مَآءٗ ثَجَّاجٗا

Жана (силерге) булуттардан мол суу түшүрдүк,

Жана (силерге) булуттардан мол суу түшүрдүк,

لِّنُخۡرِجَ بِهِۦ حَبّٗا وَنَبَاتٗا

чыгарып берүү үчүн дан азыктарды жана өсүмдүктөрдү.

чыгарып берүү үчүн дан азыктарды жана өсүмдүктөрдү.

وَجَنَّٰتٍ أَلۡفَافًا

Жана да калың бак-бостондорду.

Жана да калың бак-бостондорду.

إِنَّ يَوۡمَ ٱلۡفَصۡلِ كَانَ مِيقَٰتٗا

Албетте (ыймандуу менен каапыр) ажыратыла турган (Кыямат) күн (Аллах тарабынан) белгиленген убакыт.

Албетте (ыймандуу менен каапыр) ажыратыла турган (Кыямат) күн (Аллах тарабынан) белгиленген убакыт.

يَوۡمَ يُنفَخُ فِي ٱلصُّورِ فَتَأۡتُونَ أَفۡوَاجٗا

Ал күнү Сур (чоор) тартылат. Анан силер топ-топ болуп (Раббиңерге сурак бергени) келесиңер.

Ал күнү Сур (чоор) тартылат. Анан силер топ-топ болуп (Раббиңерге сурак бергени) келесиңер.

وَفُتِحَتِ ٱلسَّمَآءُ فَكَانَتۡ أَبۡوَٰبٗا

(Кыямат күн башталганда) асман ачылып (жарылып) эшиктер (пайда ) болот.

(Кыямат күн башталганда) асман ачылып (жарылып) эшиктер (пайда ) болот.

وَسُيِّرَتِ ٱلۡجِبَالُ فَكَانَتۡ سَرَابًا

Жана тоолор (ордунан) учурулуп, закым болуп калат!

Жана тоолор (ордунан) учурулуп, закым болуп калат!

إِنَّ جَهَنَّمَ كَانَتۡ مِرۡصَادٗا

Албетте, тозок күтүп туруучу (жана)

Албетте, тозок күтүп туруучу (жана)

لِّلطَّٰغِينَ مَـَٔابٗا

чектен чыккан адамдар үчүн кайтып баруучу орун!

чектен чыккан адамдар үчүн кайтып баруучу орун!

لَّٰبِثِينَ فِيهَآ أَحۡقَابٗا

Алар анда кылымдар бою турушат.

Алар анда кылымдар бою турушат.

لَّا يَذُوقُونَ فِيهَا بَرۡدٗا وَلَا شَرَابًا

Ал жерде не салкындык не суусундук татышпайт.

Ал жерде не салкындык не суусундук татышпайт.

إِلَّا حَمِيمٗا وَغَسَّاقٗا

Болгону (тозокулардын денесинен аккан) сасык ириң жана (ичегилерди тилип, үзүп жибере турган даражадагы) кайнак суу (менен гана “азыктанышат”)

Болгону (тозокулардын денесинен аккан) сасык ириң жана (ичегилерди тилип, үзүп жибере турган даражадагы) кайнак суу (менен гана “азыктанышат”)

جَزَآءٗ وِفَاقًا

(Бул – күнөөлөрүнө) ылайык жаза!

(Бул – күнөөлөрүнө) ылайык жаза!

إِنَّهُمۡ كَانُواْ لَا يَرۡجُونَ حِسَابٗا

Алар (Акыреттеги) эсеп – китепке ишенишпеген.

Алар (Акыреттеги) эсеп – китепке ишенишпеген.

وَكَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا كِذَّابٗا

Жана Биздин аяттарыбызды ачык түрдө жалганга чыгарышкан.

Жана Биздин аяттарыбызды ачык түрдө жалганга чыгарышкан.

وَكُلَّ شَيۡءٍ أَحۡصَيۡنَٰهُ كِتَٰبٗا

Биз бардык иштерди тизмектеп, китеп кылып жазып койгонбуз.

Биз бардык иштерди тизмектеп, китеп кылып жазып койгонбуз.

فَذُوقُواْ فَلَن نَّزِيدَكُمۡ إِلَّا عَذَابًا

Эми, (жазаңарды) таткыла! Биз силерге азапты гана көбөйтөбүз!

Эми, (жазаңарды) таткыла! Биз силерге азапты гана көбөйтөбүз!

إِنَّ لِلۡمُتَّقِينَ مَفَازًا

Ал эми, такыба кишилерге ийгилик жайы (бейиш),

Ал эми, такыба кишилерге ийгилик жайы (бейиш),

حَدَآئِقَ وَأَعۡنَٰبٗا

бак-бостондор, жүзүмдүктөр,

бак-бостондор, жүзүмдүктөр,

وَكَوَاعِبَ أَتۡرَابٗا

жаш, бир курактагы, көкүрөгү тикчийген селкилер,

жаш, бир курактагы, көкүрөгү тикчийген селкилер,

وَكَأۡسٗا دِهَاقٗا

жана («Рахийк» деп аталган аябай даамдуу шарап менен) мелмилдеп турган кеселер бар.

жана («Рахийк» деп аталган аябай даамдуу шарап менен) мелмилдеп турган кеселер бар.

لَّا يَسۡمَعُونَ فِيهَا لَغۡوٗا وَلَا كِذَّٰبٗا

Ал жерде пайдасы жок жана күнөө-жалган сөздөрдү угушпайт.

Ал жерде пайдасы жок жана күнөө-жалган сөздөрдү угушпайт.

جَزَآءٗ مِّن رَّبِّكَ عَطَآءً حِسَابٗا

(Булар) Раббиң тарабынан берилген сыйлык-белектер!

(Булар) Раббиң тарабынан берилген сыйлык-белектер!

رَّبِّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَا ٱلرَّحۡمَٰنِۖ لَا يَمۡلِكُونَ مِنۡهُ خِطَابٗا

(Ушул сыйлыкты берген Рабби) асмандар менен жердин, ал экөөнүн арасындагы бардык нерселердин да Раббиси болгон Ырайымдуу Зат. (Ошондуктан, ал күнү эч ким Анын уруксаты болмоюнча) сөз сүйлөөгө батына албайт.

يَوۡمَ يَقُومُ ٱلرُّوحُ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ صَفّٗاۖ لَّا يَتَكَلَّمُونَ إِلَّا مَنۡ أَذِنَ لَهُ ٱلرَّحۡمَٰنُ وَقَالَ صَوَابٗا

Рух (Жебирейил периште) жана (башка бардык) периштелер сап-сап болуп турган (ошол) күнү Ырайымдуу Зат уруксат бергендер гана (сүйлөп,) чын сөздү айтышат.

Рух (Жебирейил периште) жана (башка бардык) периштелер сап-сап болуп турган (ошол) күнү Ырайымдуу Зат уруксат бергендер гана (сүйлөп,) чын сөздү айтышат.

ذَٰلِكَ ٱلۡيَوۡمُ ٱلۡحَقُّۖ فَمَن شَآءَ ٱتَّخَذَ إِلَىٰ رَبِّهِۦ مَـَٔابًا

Бул – чындап болуучу Күн. Ал эми, ким кааласа (жакшы амалдарды кылат жана) Раббисине (ошол амалдар менен) кайтууну(н жолдорун бекем) кармайт.

Бул – чындап болуучу Күн. Ал эми, ким кааласа (жакшы амалдарды кылат жана) Раббисине (ошол амалдар менен) кайтууну(н жолдорун бекем) кармайт.

إِنَّآ أَنذَرۡنَٰكُمۡ عَذَابٗا قَرِيبٗا يَوۡمَ يَنظُرُ ٱلۡمَرۡءُ مَا قَدَّمَتۡ يَدَاهُ وَيَقُولُ ٱلۡكَافِرُ يَٰلَيۡتَنِي كُنتُ تُرَٰبَۢا

Биз силерди жакын(да келе турган) азаптан эскерткен элек. Ал күндө адам баласы эки колу эмне алып келгенин көрөт жана каапыр адам: «кана эми, (ушундай азапка дуушар болгондон көрө) топурак эле болуп калсам!!!» - дейт.

Footer Include