Header Include

Kyrgyz translation

Translation of the meanings of the Noble Qur’an into the Kyrgyz language, translated by Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq, reviewed and developed under the supervision of the Rowad Translation Center.

QR Code https://quran.islamcontent.com/fa/kyrgyz_hakimov

سَأَلَ سَآئِلُۢ بِعَذَابٖ وَاقِعٖ

(Мушриктерден)* бир суроочу** собол кылды түшүүчү азап жөнүндө -

* Бул сүрө Меккеде түшкөн. 44 аяттан турат. “Маариж” cөзү “шатылар” же “тепкичтер” деп которулат. ** Бул каапыр Назр бин Хаарис деген киши эле. Ал пайгамбарыбызды шылдыңдап: “Бизге азап качан келет?” деп сурады жана «Эй Аллах! Эгер ушул Куранды Мухаммадга Өзүң түшүргөнүң чын болсо, биздин үстүбүзгө таш жаадырып жибер!» деп дуба кылды. (Ибн Касир)
(Мушриктерден)* бир суроочу** собол кылды түшүүчү азап жөнүндө -

لِّلۡكَٰفِرِينَ لَيۡسَ لَهُۥ دَافِعٞ

– каапырлардын башына. (Азап сөзсүз келет. Ошондо) аны кайтаруучу (күч) болбой калат!

– каапырлардын башына. (Азап сөзсүз келет. Ошондо) аны кайтаруучу (күч) болбой калат!

مِّنَ ٱللَّهِ ذِي ٱلۡمَعَارِجِ

(Ал азап) Маьариж – тепкичтердин* ээси Аллах тарабынан (келет).

* Бул жерде жети кабат асманды тепкичтерге окшотуу бар.
(Ал азап) Маьариж – тепкичтердин* ээси Аллах тарабынан (келет).

تَعۡرُجُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ وَٱلرُّوحُ إِلَيۡهِ فِي يَوۡمٖ كَانَ مِقۡدَارُهُۥ خَمۡسِينَ أَلۡفَ سَنَةٖ

Периштелер менен Рух Ага (Аллах таалага) өлчөмү элүү миң жылга тең болгон күндө көтөрүлүп барышат.*

* Бул аяттагы Рух менен периштелердин Аллах таалага көтөрүлүшү дагы Аллах тааланын бийикте экенине далил.
Периштелер менен Рух Ага (Аллах таалага) өлчөмү элүү миң жылга тең болгон күндө көтөрүлүп барышат.*

فَٱصۡبِرۡ صَبۡرٗا جَمِيلًا

(Оо, Мухаммад!) Сен (мушриктердин «жалган» деген сөзүнө жана зыяндуу иштерине) эң сонун сабыр кыл!

(Оо, Мухаммад!) Сен (мушриктердин «жалган» деген сөзүнө жана зыяндуу иштерине) эң сонун сабыр кыл!

إِنَّهُمۡ يَرَوۡنَهُۥ بَعِيدٗا

Алар аны (кайра тирилүүнү акылдардан) алыс деп ойлошот.

Алар аны (кайра тирилүүнү акылдардан) алыс деп ойлошот.

وَنَرَىٰهُ قَرِيبٗا

Биз болсо, жакын (анык) деп билебиз.

Биз болсо, жакын (анык) деп билебиз.

يَوۡمَ تَكُونُ ٱلسَّمَآءُ كَٱلۡمُهۡلِ

Ал күндө асман эритилген жез сыяктуу,

Ал күндө асман эритилген жез сыяктуу,

وَتَكُونُ ٱلۡجِبَالُ كَٱلۡعِهۡنِ

Ал эми, тоолор тытылган жүн сыяктуу болуп калат.

Ал эми, тоолор тытылган жүн сыяктуу болуп калат.

وَلَا يَسۡـَٔلُ حَمِيمٌ حَمِيمٗا

(Ал күнү) дос өзүнүн жакын досун(ун абалын) сурай албайт!

(Ал күнү) дос өзүнүн жакын досун(ун абалын) сурай албайт!

يُبَصَّرُونَهُمۡۚ يَوَدُّ ٱلۡمُجۡرِمُ لَوۡ يَفۡتَدِي مِنۡ عَذَابِ يَوۡمِئِذِۭ بِبَنِيهِ

Аларды (бири-бирине) көрсөтүлөт. Күнөөкөр (тозоку) адам ошол күндүн азабына(н кутулуш үчүн) перзенттерин,

Аларды (бири-бирине) көрсөтүлөт. Күнөөкөр (тозоку) адам ошол күндүн азабына(н кутулуш үчүн) перзенттерин,

وَصَٰحِبَتِهِۦ وَأَخِيهِ

аялын жана ага-инилерин,

аялын жана ага-инилерин,

وَفَصِيلَتِهِ ٱلَّتِي تُـٔۡوِيهِ

өзүнө арка-жөлөк болгон тууган уруктарын...,

өзүнө арка-жөлөк болгон тууган уруктарын...,

وَمَن فِي ٱلۡأَرۡضِ جَمِيعٗا ثُمَّ يُنجِيهِ

жана деги эле, жер бетиндеги бардык адамдарды садага чаап, анан (ушул төлөмү) өзүн (тозоктон) куткарып кетүүсүн каалайт.

жана деги эле, жер бетиндеги бардык адамдарды садага чаап, анан (ушул төлөмү) өзүн (тозоктон) куткарып кетүүсүн каалайт.

كَلَّآۖ إِنَّهَا لَظَىٰ

Жок! Ал (тозок) – алоолонгон от,

Жок! Ал (тозок) – алоолонгон от,

نَزَّاعَةٗ لِّلشَّوَىٰ

терилерди шылып алуучу!

терилерди шылып алуучу!

تَدۡعُواْ مَنۡ أَدۡبَرَ وَتَوَلَّىٰ

Ал от (кучагына) чакырат (акыйкаттан) жүз буруп, артка кеткендерди

Ал от (кучагына) чакырат (акыйкаттан) жүз буруп, артка кеткендерди

وَجَمَعَ فَأَوۡعَىٰٓ

жана (адал-арамына карабай дүйнө-мүлк) жыйнап, (андан садака кылбай) басып-чогултуп жаткан адамдарды!

жана (адал-арамына карабай дүйнө-мүлк) жыйнап, (андан садака кылбай) басып-чогултуп жаткан адамдарды!

۞ إِنَّ ٱلۡإِنسَٰنَ خُلِقَ هَلُوعًا

Чынында инсан чыдамсыз жаратылган.

Чынында инсан чыдамсыз жаратылган.

إِذَا مَسَّهُ ٱلشَّرُّ جَزُوعٗا

Эгер аны жаман (тагдыр) кармаса, чыдамсыздык кылат.

Эгер аны жаман (тагдыр) кармаса, чыдамсыздык кылат.

وَإِذَا مَسَّهُ ٱلۡخَيۡرُ مَنُوعًا

Жакшы (тагдыр) кармаса кызганчаак болуп калат.

Жакшы (тагдыр) кармаса кызганчаак болуп калат.

إِلَّا ٱلۡمُصَلِّينَ

Намаз окуучулар гана андай эмес.

Намаз окуучулар гана андай эмес.

ٱلَّذِينَ هُمۡ عَلَىٰ صَلَاتِهِمۡ دَآئِمُونَ

Алар намаздарын дайым окушат.

Алар намаздарын дайым окушат.

وَٱلَّذِينَ فِيٓ أَمۡوَٰلِهِمۡ حَقّٞ مَّعۡلُومٞ

Алардын дүйнө-мүлкүндө белгилүү акы (үлүш) бар,

Алардын дүйнө-мүлкүндө белгилүү акы (үлүш) бар,

لِّلسَّآئِلِ وَٱلۡمَحۡرُومِ

муктаждар жана сурагандар үчүн.

муктаждар жана сурагандар үчүн.

وَٱلَّذِينَ يُصَدِّقُونَ بِيَوۡمِ ٱلدِّينِ

Алар Эсеп (Акырет) күнүн тастыкташат…

Алар Эсеп (Акырет) күнүн тастыкташат…

وَٱلَّذِينَ هُم مِّنۡ عَذَابِ رَبِّهِم مُّشۡفِقُونَ

Алар Раббисинин азабынан коркушат…

Алар Раббисинин азабынан коркушат…

إِنَّ عَذَابَ رَبِّهِمۡ غَيۡرُ مَأۡمُونٖ

Чынында, Раббисинин азабы(нан) аманда болуу (эч ким үчүн кепилденген) эмес.

Чынында, Раббисинин азабы(нан) аманда болуу (эч ким үчүн кепилденген) эмес.

وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِفُرُوجِهِمۡ حَٰفِظُونَ

Жана алар жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташат.

Жана алар жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташат.

إِلَّا عَلَىٰٓ أَزۡوَٰجِهِمۡ أَوۡ مَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُهُمۡ فَإِنَّهُمۡ غَيۡرُ مَلُومِينَ

Өздөрүнүн (ак никедеги) аялдарына жана күңдөрүнө гана («барышат»). Ошондо алар (күнөөлүү деп) айыпталбайт.

Өздөрүнүн (ак никедеги) аялдарына жана күңдөрүнө гана («барышат»). Ошондо алар (күнөөлүү деп) айыпталбайт.

فَمَنِ ٱبۡتَغَىٰ وَرَآءَ ذَٰلِكَ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡعَادُونَ

Ким ушундан кийин (башкаларды никесиз) «кааласа», алар чектен чыккандар!

Ким ушундан кийин (башкаларды никесиз) «кааласа», алар чектен чыккандар!

وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِأَمَٰنَٰتِهِمۡ وَعَهۡدِهِمۡ رَٰعُونَ

Жана алар өз аманаттарын, убада-келишимдерин бекем сакташат...

Жана алар өз аманаттарын, убада-келишимдерин бекем сакташат...

وَٱلَّذِينَ هُم بِشَهَٰدَٰتِهِمۡ قَآئِمُونَ

Күбөлүк бергенде (жалган аралаштырбай) түз болушат…

Күбөлүк бергенде (жалган аралаштырбай) түз болушат…

وَٱلَّذِينَ هُمۡ عَلَىٰ صَلَاتِهِمۡ يُحَافِظُونَ

Алар намаздарын(ын убактысын) сакташат…

Алар намаздарын(ын убактысын) сакташат…

أُوْلَٰٓئِكَ فِي جَنَّٰتٖ مُّكۡرَمُونَ

Алар – бейиштерде сыйлануучулар!

Алар – бейиштерде сыйлануучулар!

فَمَالِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ قِبَلَكَ مُهۡطِعِينَ

(Оо, Мухаммад), каапырларга эмне болду, сен тарапка шашылышат?

(Оо, Мухаммад), каапырларга эмне болду, сен тарапка шашылышат?

عَنِ ٱلۡيَمِينِ وَعَنِ ٱلشِّمَالِ عِزِينَ

Оң каптал жана сол капталдан топурап?*

* Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Куран окуганда каапырлар топурап келишип, “Мухаммад дагы эмне дээр экен” деп аңдып турушчу. Анан сахабаларды мыскылдап, “Биз ак сөөкпүз. Силерден өйдө таптагы адамдарбыз. Ошондуктан, биз силерден мурун бейишке киребиз” дешчү.
Оң каптал жана сол капталдан топурап?*

أَيَطۡمَعُ كُلُّ ٱمۡرِيٕٖ مِّنۡهُمۡ أَن يُدۡخَلَ جَنَّةَ نَعِيمٖ

Алардын ар бири Нээмат бейишине кирүүнү каалайбы?

Алардын ар бири Нээмат бейишине кирүүнү каалайбы?

كَلَّآۖ إِنَّا خَلَقۡنَٰهُم مِّمَّا يَعۡلَمُونَ

Жок, (эч андай болбойт!) Биз аларды өздөрүнө белгилүү нерседен (бир тамчы атырылган бел суудан) жараттык.

Жок, (эч андай болбойт!) Биз аларды өздөрүнө белгилүү нерседен (бир тамчы атырылган бел суудан) жараттык.

فَلَآ أُقۡسِمُ بِرَبِّ ٱلۡمَشَٰرِقِ وَٱلۡمَغَٰرِبِ إِنَّا لَقَٰدِرُونَ

Чыгыштар менен батыштардын Раббисине ант, Биз кудуреттүүбүз:

Чыгыштар менен батыштардын Раббисине ант, Биз кудуреттүүбүз:

عَلَىٰٓ أَن نُّبَدِّلَ خَيۡرٗا مِّنۡهُمۡ وَمَا نَحۡنُ بِمَسۡبُوقِينَ

аларды жакшыраак (ыймандуу элдерге) алмаштырып коюуга! Жана Биз (буга) алсыз эмеспиз!*

* Эгер кааласа Аллах таала көз ирмемде жер менен жексен кылууга жана алардын ордуна башка, ыймандуу адамдарды жашатып коюуга кудуреттүү. Бирок, Аллах таала аларга тозок отуна дагы да ылайыктуурак болуш үчүн мөөнөт берди.
аларды жакшыраак (ыймандуу элдерге) алмаштырып коюуга! Жана Биз (буга) алсыз эмеспиз!*

فَذَرۡهُمۡ يَخُوضُواْ وَيَلۡعَبُواْ حَتَّىٰ يُلَٰقُواْ يَوۡمَهُمُ ٱلَّذِي يُوعَدُونَ

(Оо, Мухаммад) эми, жөн кой аларды. Убада кылынган (өлүп, азапка дуушар боло турган) күндөрүнө жолукканга чейин (күнөө деңизине) чумкуп, ойноп-күлүп жүрө беришсин!

(Оо, Мухаммад) эми, жөн кой аларды. Убада кылынган (өлүп, азапка дуушар боло турган) күндөрүнө жолукканга чейин (күнөө деңизине) чумкуп, ойноп-күлүп жүрө беришсин!

يَوۡمَ يَخۡرُجُونَ مِنَ ٱلۡأَجۡدَاثِ سِرَاعٗا كَأَنَّهُمۡ إِلَىٰ نُصُبٖ يُوفِضُونَ

(Ал эми) ошол күндө алар мүрзөлөрүнөн чыгып, бир байракты ээрчиген сыяктуу (чогуу жана) тез келишет.

(Ал эми) ошол күндө алар мүрзөлөрүнөн чыгып, бир байракты ээрчиген сыяктуу (чогуу жана) тез келишет.

خَٰشِعَةً أَبۡصَٰرُهُمۡ تَرۡهَقُهُمۡ ذِلَّةٞۚ ذَٰلِكَ ٱلۡيَوۡمُ ٱلَّذِي كَانُواْ يُوعَدُونَ

Көздөрү (жер тиктеп) бөжүрөйүп, (ар тараптан) кордук ороп турат. Мына ушул – аларга убада кылынган Күн!

Көздөрү (жер тиктеп) бөжүрөйүп, (ар тараптан) кордук ороп турат. Мына ушул – аларга убада кылынган Күн!
Footer Include