吉尔吉斯语翻译 - 沙姆苏丁·哈基莫夫。
《古兰经》含义翻译
由沙姆斯丁·哈基莫夫·阿卜杜勒哈利克翻译,在立瓦德翻译中心的监督之下已完成开发。
ٱلۡقَارِعَةُ
Кориьа!
مَا ٱلۡقَارِعَةُ
Кориьа эмне өзү?![1]
وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلۡقَارِعَةُ
(Оо, Мухаммад!) Сен Кориьа эмне экенин билбейсиң!
يَوۡمَ يَكُونُ ٱلنَّاسُ كَٱلۡفَرَاشِ ٱلۡمَبۡثُوثِ
Ал күндө адамдар тозуп кеткен (түңкү) көпөлөктөр сыяктуу болуп (дүрбөлөңгө түшүп) калат.[1]
وَتَكُونُ ٱلۡجِبَالُ كَٱلۡعِهۡنِ ٱلۡمَنفُوشِ
Тоолор тытылган жүн сыяктуу болот!
فَأَمَّا مَن ثَقُلَتۡ مَوَٰزِينُهُۥ
Эми, (ал күндө) кимдин (сооп) таразасы оор келсе,
فَهُوَ فِي عِيشَةٖ رَّاضِيَةٖ
ыраазы боло турган жашоодо (бейиште) болот.
وَأَمَّا مَنۡ خَفَّتۡ مَوَٰزِينُهُۥ
Ал эми, кимдин (сооп) таразасы жеңил келсе,
فَأُمُّهُۥ هَاوِيَةٞ
анын энеси – «Хаавия!»
وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا هِيَهۡ
(Оо, Мухаммад) сен «Хаавия» эмне экенин билбейсиң.
نَارٌ حَامِيَةُۢ
Ал – катуу кызытылган тозок!
share_via