Header Include

Kyrgyz translation

Translation of the meanings of the Noble Qur’an into the Kyrgyz language, translated by Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq, reviewed and developed under the supervision of the Rowad Translation Center.

QR Code https://quran.islamcontent.com/ja/kyrgyz_hakimov

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын аты менен (баштаймын).*

Бул сүрө Меккеде түшкөн жана 7 аяттан турат. "Фатиха"нын мааниси "Ачуучу". Анткени, Ыйык Куран дал ушул сүрө менен ачылат жана башталат.
Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын аты менен (баштаймын).*

ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ

Ааламдардын Раббиси – Аллахка алкыш-мактоолор болсун!*

* Бул аятта Аллах таала Өзүн бизге «Ааламдардын Раббиси» деп тааныштырып жатат. Арабдардын «Рабб» деген сөзүн кыргызчага которгондо «Башкаруучу», «Ээ», «Кожоюн» жана «Тарбия кылуучу» деген маанилерди билдирет.
Ааламдардын Раббиси – Аллахка алкыш-мактоолор болсун!*

ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

Ал - Ырайымдуу, Мээримдүү.

Ал - Ырайымдуу, Мээримдүү.

مَٰلِكِ يَوۡمِ ٱلدِّينِ

Кыямат Күндүн падышасы.

Кыямат Күндүн падышасы.

إِيَّاكَ نَعۡبُدُ وَإِيَّاكَ نَسۡتَعِينُ

Жалгыз Сага гана сыйынабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз!*

* Аллах таала «Фатиха» сүрөсүнүн ушул аятынан баштап, сүрөнүн акырына чейин момун мусулмандардын атынан сүйлөйт. Мусулман адамдар күнүмдүк беш убак намаздарында «Фатиха» сүрөсүн 32 жолу кайталап окушат. Демек, алар Аллахка күнүнө 32 ирет «Жалгыз Сага гана сыйынабыз, Сенден гана жардам сурайбыз» деп ант беришет.
Жалгыз Сага гана сыйынабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз!*

ٱهۡدِنَا ٱلصِّرَٰطَ ٱلۡمُسۡتَقِيمَ

(О, Жараткан!) Бизди туура жолго баштагын!*

* Бул аятта айтылган туура жол (сиратал мустаким) бузулбаган, бурмаланбаган таза Ислам Дини.
(О, Жараткан!) Бизди туура жолго баштагын!*

صِرَٰطَ ٱلَّذِينَ أَنۡعَمۡتَ عَلَيۡهِمۡ غَيۡرِ ٱلۡمَغۡضُوبِ عَلَيۡهِمۡ وَلَا ٱلضَّآلِّينَ

Өзүң жакшылык берген адамдардын* жолуна (баштагын). Каарыңа учурагандардын жана адашкандардын** жолуна эмес.

* Ал адамдар бул дүйнө жашоосунда адашпай, Аллахка жаман көрүлбөй жашаган пайгамбарлар, шейиттер жана пайгамбарлар алып келген жолго түз-туура ээрчиген салих (таза) момундар. ** Аллахтын каарына учурагандар - жөөттөр, ал эми, адашкан коомдор - христиандар. Алар “Иса - Кудай жана Кудайдын уулу” деген ишенимдеринен улам адашкан болсо, яхудилер Муса алып келген Чындык менен таанышып, аны кабыл алгандан соң, билип туруп Аллахка башка нерсени (Алтын музоону) шерик кылгандары жана көп пайгамбарларды өлтүрүшкөндүктөн улам Аллахтын каарына жолуккан.
Өзүң жакшылык берген адамдардын* жолуна (баштагын). Каарыңа учурагандардын жана адашкандардын** жолуна эмес.
Footer Include