Header Include

Kyrgyz translation

Translation of the meanings of the Noble Qur’an into the Kyrgyz language, translated by Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq, reviewed and developed under the supervision of the Rowad Translation Center.

QR Code https://quran.islamcontent.com/ja/kyrgyz_hakimov

إِنَّآ أَعۡطَيۡنَٰكَ ٱلۡكَوۡثَرَ

(Оо, Мухаммад) чынында Биз сага «Каусарды» бердик.*

* Үч аяттан турган бул сүрө Меккеде түшкөн. «Каусар» - бул «көп жакшылык» дегенди билдирет. Аллах таала пайгамбарына бул дүйнөдө көп жакшылыктарды берген. Ал эми, Акырет бейишинде болсо, «Каусар» деп аталган дарыя менен ушундай аталыштагы булакты сыйлык катары берет.
(Оо, Мухаммад) чынында Биз сага «Каусарды» бердик.*

فَصَلِّ لِرَبِّكَ وَٱنۡحَرۡ

Сен эми, (ушул жакшылыктарга шүгүр кылып) Раббиң үчүн намаз оку жана курмандык чал!

Сен эми, (ушул жакшылыктарга шүгүр кылып) Раббиң үчүн намаз оку жана курмандык чал!

إِنَّ شَانِئَكَ هُوَ ٱلۡأَبۡتَرُ

Албетте, сени айыптаган адамдын өзүнүн арты кесилген!*

* Пайгамбарыбыздан уул перзент калбаганы маалым. Анын уулу Касым өлгөндө ашкере душмандарынын бири Аас ибн Ваил аны акаарат кылып “арты кесилди” (ишин улантуучусу калбады) дейт. Бирок, Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдын артында, ага эртели-кеч салават-салам айтып, акына дуба кылып турган миллиондогон үммөттөрү калды. Ал эми, ага жана анын динине душмандык кылып, айыптап, жамандап жүргөндөрдүн өзү дагы, аты-жыты дагы жок болду.
Албетте, сени айыптаган адамдын өзүнүн арты кесилген!*
Footer Include