Header Include

Kyrgyz translation

Translation of the meanings of the Noble Qur’an into the Kyrgyz language, translated by Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq, reviewed and developed under the supervision of the Rowad Translation Center.

QR Code https://quran.islamcontent.com/ja/kyrgyz_hakimov

تَبَارَكَ ٱلَّذِي نَزَّلَ ٱلۡفُرۡقَانَ عَلَىٰ عَبۡدِهِۦ لِيَكُونَ لِلۡعَٰلَمِينَ نَذِيرًا

Ааламдарга (инсан жана жин ааламына) эскертүүчү болсун деп, пендесине (Мухаммадга, чындык менен жалганды) Ажыратуучуну (Куранды) түшүргөн Аллах Улук-Берекеттүү!*

* Бул сүрө Меккеде түшкөн жана жетишмиш жети аяттан турат. «Фуркан» «Ажыратуучу» деген мааниде.
Ааламдарга (инсан жана жин ааламына) эскертүүчү болсун деп, пендесине (Мухаммадга, чындык менен жалганды) Ажыратуучуну (Куранды) түшүргөн Аллах Улук-Берекеттүү!*

ٱلَّذِي لَهُۥ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَلَمۡ يَتَّخِذۡ وَلَدٗا وَلَمۡ يَكُن لَّهُۥ شَرِيكٞ فِي ٱلۡمُلۡكِ وَخَلَقَ كُلَّ شَيۡءٖ فَقَدَّرَهُۥ تَقۡدِيرٗا

Ал асмандардын жана Жердин падышасы, Өзүнө бала тутпаган, мүлкүндө шериги болбогон жана ар бир нерсени эң назик ченем-өлчөм менен жараткан Зат!

وَٱتَّخَذُواْ مِن دُونِهِۦٓ ءَالِهَةٗ لَّا يَخۡلُقُونَ شَيۡـٔٗا وَهُمۡ يُخۡلَقُونَ وَلَا يَمۡلِكُونَ لِأَنفُسِهِمۡ ضَرّٗا وَلَا نَفۡعٗا وَلَا يَمۡلِكُونَ مَوۡتٗا وَلَا حَيَوٰةٗ وَلَا نُشُورٗا

(Мушриктер болсо) Андан (Аллах тааладан) башка, эч нерсени жарата албай турган, өздөрү жаратылган, өздөрүнө пайда дагы, зыян дагы жеткире албаган, не өлтүрүү, не тирилтүү, не (өлгөндөргө) кайра жан берүү колунан келбей турган нерселерди кудай тутуп алышты!

وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّآ إِفۡكٌ ٱفۡتَرَىٰهُ وَأَعَانَهُۥ عَلَيۡهِ قَوۡمٌ ءَاخَرُونَۖ فَقَدۡ جَآءُو ظُلۡمٗا وَزُورٗا

Каапырлар (Куран жөнүндө): «Бул – жалган! Аны (Мухаммад) өзү ойлоп чыгарган жана ага башкалар жардам беришкен» деп, (акыйкатка) зулумдук кылышты жана жалган күбөлүк беришти.

وَقَالُوٓاْ أَسَٰطِيرُ ٱلۡأَوَّلِينَ ٱكۡتَتَبَهَا فَهِيَ تُمۡلَىٰ عَلَيۡهِ بُكۡرَةٗ وَأَصِيلٗا

Жана «Бул байыркылардын жомогу, аны (Мухаммад) жаздырып алган жана алар ага эртели-кеч (бирөөлөр тарабынан) айтып турулган» дешти.

قُلۡ أَنزَلَهُ ٱلَّذِي يَعۡلَمُ ٱلسِّرَّ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ إِنَّهُۥ كَانَ غَفُورٗا رَّحِيمٗا

(Оо, Мухаммад, аларга) айткын: «Аны (Куранды мага) асмандардагы жана жердеги (бардык) сырды билген Зат (Аллах) түшүрдү. Ал Кечирүүчү, Мээримдүү».*

* Эгер каапырлар Куранга каршылыгын токтотуп, тообо кылып, ыйман келтиришсе, Аллах Кечирүүчү, Ырайымдуу.
(Оо, Мухаммад, аларга) айткын: «Аны (Куранды мага) асмандардагы жана жердеги (бардык) сырды билген Зат (Аллах) түшүрдү. Ал Кечирүүчү, Мээримдүү».*

وَقَالُواْ مَالِ هَٰذَا ٱلرَّسُولِ يَأۡكُلُ ٱلطَّعَامَ وَيَمۡشِي فِي ٱلۡأَسۡوَاقِ لَوۡلَآ أُنزِلَ إِلَيۡهِ مَلَكٞ فَيَكُونَ مَعَهُۥ نَذِيرًا

(Мушриктер) айтышты: «Бул эмне деген пайгамбар?! Тамак-аш жейт, базарларда жүрөт?! Эгер ага, аны менен бирге (элдерди) эскертүүчү бир периште түшүрүлсө,

أَوۡ يُلۡقَىٰٓ إِلَيۡهِ كَنزٌ أَوۡ تَكُونُ لَهُۥ جَنَّةٞ يَأۡكُلُ مِنۡهَاۚ وَقَالَ ٱلظَّٰلِمُونَ إِن تَتَّبِعُونَ إِلَّا رَجُلٗا مَّسۡحُورًا

же ага (асмандан) казына ташталса, же болбосо, андан жей турган (мөмөлүү) бак болсо..., (бул башка кеп). Залым (каапыр) болгондор (дагы): «(Эй, адамдар) силер сыйкырланган кишиге ээрчип жатасыңар!» - дешти.

ٱنظُرۡ كَيۡفَ ضَرَبُواْ لَكَ ٱلۡأَمۡثَٰلَ فَضَلُّواْ فَلَا يَسۡتَطِيعُونَ سَبِيلٗا

Карачы (оо, Мухаммад!) алар сага кандай мисалдарды келтирип (эмнелерге окшотуп) жатышат. Алар адашып кетишти! Эми (эч качан туура) жолду таба алышпайт.

تَبَارَكَ ٱلَّذِيٓ إِن شَآءَ جَعَلَ لَكَ خَيۡرٗا مِّن ذَٰلِكَ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي مِن تَحۡتِهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ وَيَجۡعَل لَّكَ قُصُورَۢا

Эгер кааласа сага мындан да жакшыраак, түбүнөн дарыялар агып турган бактарды жана (бийик, кооздолгон) хансарайларды жасап бере ала турган Аллах Улук-Берекеттүү!*

* Ал эгер кааласа Сулайман, Дауд пайгамбарларга берген сыяктуу бак-бостондорду, сарайларды Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламга да бермек. Бирок, кимисинин кандай пайгамбар болуусун Ал Өзү билет. Ал Өз ишинен эч кимге эсеп бербейт.
Эгер кааласа сага мындан да жакшыраак, түбүнөн дарыялар агып турган бактарды жана (бийик, кооздолгон) хансарайларды жасап бере ала турган Аллах Улук-Берекеттүү!*

بَلۡ كَذَّبُواْ بِٱلسَّاعَةِۖ وَأَعۡتَدۡنَا لِمَن كَذَّبَ بِٱلسَّاعَةِ سَعِيرًا

Жок! (Каапырлар) Кыяматты (тап-такыр) жалганга чыгарышты! Бирок, Биз кыяматты «жалган» дегендерге тозокту даярдап койгонбуз.

إِذَا رَأَتۡهُم مِّن مَّكَانِۭ بَعِيدٖ سَمِعُواْ لَهَا تَغَيُّظٗا وَزَفِيرٗا

Тозок аларды алыс жерден көргөндө эле, анын (тозоктун) ачууланып айкырганын угушат.*

* Каапырларды Аллах жек көргөнү үчүн тозок да жек көрүп, алыстан буларды көргөндө эле өкүрүп, кутуруп, алоолору асмандап, кайнап күтүп алат.
Тозок аларды алыс жерден көргөндө эле, анын (тозоктун) ачууланып айкырганын угушат.*

وَإِذَآ أُلۡقُواْ مِنۡهَا مَكَانٗا ضَيِّقٗا مُّقَرَّنِينَ دَعَوۡاْ هُنَالِكَ ثُبُورٗا

Анан алар тозоктун (ортосундагы) тар жерге, кишенделген абалда ташталганда, ошол жерде өздөрүнө өлүм тилеп калышат.

لَّا تَدۡعُواْ ٱلۡيَوۡمَ ثُبُورٗا وَٰحِدٗا وَٱدۡعُواْ ثُبُورٗا كَثِيرٗا

Ал Күнү өлүмдү бир жолу эмес, көп жолу чакырасыңар!

قُلۡ أَذَٰلِكَ خَيۡرٌ أَمۡ جَنَّةُ ٱلۡخُلۡدِ ٱلَّتِي وُعِدَ ٱلۡمُتَّقُونَۚ كَانَتۡ لَهُمۡ جَزَآءٗ وَمَصِيرٗا

(Ошондо, оо, Мухаммад,) сен аларга «Ушул жакшыбы же такыба кишилерге убада кылынган түбөлүк бейиш жакшы беле?» деп айткын. Ал (бейиш) такыба адамдардын кайта турган (түбөлүк) жайлары жана сыйлыктары!

لَّهُمۡ فِيهَا مَا يَشَآءُونَ خَٰلِدِينَۚ كَانَ عَلَىٰ رَبِّكَ وَعۡدٗا مَّسۡـُٔولٗا

Ал жерде алар үчүн каалаган нерселери даяр. (Алар анда) түбөлүккө калышат. (Бул) Раббиң Өз милдетине алган жоопкерчиликтүү убада болчу.*

* Аллах таала Өз пенделерине «Эгер такыба болсоңор бейишке чыгарамын» деп убада берип, жоопкерчилигин алган, эми ошону аткарып жатат.
Ал жерде алар үчүн каалаган нерселери даяр. (Алар анда) түбөлүккө калышат. (Бул) Раббиң Өз милдетине алган жоопкерчиликтүү убада болчу.*

وَيَوۡمَ يَحۡشُرُهُمۡ وَمَا يَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ فَيَقُولُ ءَأَنتُمۡ أَضۡلَلۡتُمۡ عِبَادِي هَٰٓؤُلَآءِ أَمۡ هُمۡ ضَلُّواْ ٱلسَّبِيلَ

(Аллах) аларды жана алар ибадат кылган Аллахтан башка «кудайларды» (бир жерге) чогулткан күндө: «(Эй, жалган кудайлар!) Менин мына бул пенделеримди («мага ибадат кыласыңар» деп) силер адаштырдыңарбы?! Же алар өздөрү адашып кетиштиби» - дейт.*

* Кыяматта мушриктер Аллахка шерик, бала, ортомчу деп ойлогон бардык «кудайларды» ал тоо-ташпы, бут-идолбу, даракпы, мазарбы, арбакпы, жинби, периштеби же Исабы.., баардыгын Аллах чогултуп, аларды «кудай» деп сыйынган адамдарга беттештирип, Өзү билип турса да, моюндарына коюш үчүн ушул суроону берет.
(Аллах) аларды жана алар ибадат кылган Аллахтан башка «кудайларды» (бир жерге) чогулткан күндө: «(Эй, жалган кудайлар!) Менин мына бул пенделеримди («мага ибадат кыласыңар» деп) силер адаштырдыңарбы?! Же алар өздөрү адашып кетиштиби» - дейт.*

قَالُواْ سُبۡحَٰنَكَ مَا كَانَ يَنۢبَغِي لَنَآ أَن نَّتَّخِذَ مِن دُونِكَ مِنۡ أَوۡلِيَآءَ وَلَٰكِن مَّتَّعۡتَهُمۡ وَءَابَآءَهُمۡ حَتَّىٰ نَسُواْ ٱلذِّكۡرَ وَكَانُواْ قَوۡمَۢا بُورٗا

Алар айтышат: «Сен (Оо, Жараткан, шериги жана баласы бар болуудан) Тазасың! Сенден башканы башкаруучу-коргоочу кылуу бизге ылайык эмес! Бирок, Сен аларды жана алардын ата-бабаларын (дүйнөдө көп байлык менен) пайдалантырган элең, натыйжада зикирди (Сени эстөөнү) унутушту жана (бизди сага шерик кылып алышып) өлүмгө (тозокко) ылайык болуп калышты!».

فَقَدۡ كَذَّبُوكُم بِمَا تَقُولُونَ فَمَا تَسۡتَطِيعُونَ صَرۡفٗا وَلَا نَصۡرٗاۚ وَمَن يَظۡلِم مِّنكُمۡ نُذِقۡهُ عَذَابٗا كَبِيرٗا

(Эй, Мушриктер! Мына, «кудайыңар») силер айткан сөздөрдү «жалган» деди. Эми силер (өзүңөрдөн азапты) буруп жиберүүгө да («кудайыңардан») жардам алууга да жетише албайсыңар. Силерден ким (акыйкатты четке кагып) зулумдук кылган болсо, ага чоң азапты таттырабыз!

وَمَآ أَرۡسَلۡنَا قَبۡلَكَ مِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ إِلَّآ إِنَّهُمۡ لَيَأۡكُلُونَ ٱلطَّعَامَ وَيَمۡشُونَ فِي ٱلۡأَسۡوَاقِۗ وَجَعَلۡنَا بَعۡضَكُمۡ لِبَعۡضٖ فِتۡنَةً أَتَصۡبِرُونَۗ وَكَانَ رَبُّكَ بَصِيرٗا

(Оо, Мухаммад!) Сенден мурун Биз жиберген бардык пайгамбарлар тамак-аш жеп, базарларда жүрүшкөн. Биз бирөөңөрдү бирөөңөргө сыноо кылып койдук. (Бул сыноолорго) сабыр кыла аласыңарбы?* Сенин Раббиң (бардыгын) Көрүүчү!

* Пайгамбарлар элдерге сыноо. Себеби, кээ бирөөлөр «Пайгамбар деген базарда жүрөт бекен?» деп, сыноодон кулап калышкан. Пайгамбарлардын өзүнө элдерди чакыруу (даават) иши сыноо. Кембагалга байлык сыноо, байларга кедейлик сыноо..., Кыскасы, бул дүйнө баштан-аяк сыноо.
(Оо, Мухаммад!) Сенден мурун Биз жиберген бардык пайгамбарлар тамак-аш жеп, базарларда жүрүшкөн. Биз бирөөңөрдү бирөөңөргө сыноо кылып койдук. (Бул сыноолорго) сабыр кыла аласыңарбы?* Сенин Раббиң (бардыгын) Көрүүчү!

۞ وَقَالَ ٱلَّذِينَ لَا يَرۡجُونَ لِقَآءَنَا لَوۡلَآ أُنزِلَ عَلَيۡنَا ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ أَوۡ نَرَىٰ رَبَّنَاۗ لَقَدِ ٱسۡتَكۡبَرُواْ فِيٓ أَنفُسِهِمۡ وَعَتَوۡ عُتُوّٗا كَبِيرٗا

Бизге жолугууну үмүт кылбаган (ыймансыз) адамдар «Эгер бизге периште түшсө же Раббибизди (өз көзүбүз менен) көрсөк (ошондо гана ыйман келтирмекпиз)» - дешет.* Алар өздөрүнчө текеберленип жана аябай таш-жүрөк болуп кетишкен.

Алар «бизге периштеден пайгамбар келсе, же адам пайгамбардын жанында периште жардамчысы болмоюнча жана Аллах бизге көрүнмөйүнчө Мухаммадка ыйман келтирбейбиз» дешти. Эми, алардын ыйман келтириши үчүн Аллахтын Өзү келип, «Мухаммадды мен жибергеним ырас» деп тастыктап кетиши керек экен. Бул алардын жүрөгүнөн чыккан сөз эмес. Алар периштелерди, өздөрүнө тастыктоочу же пайгамбар болуп келгенин эч качан көрүшпөйт. Көргөн мезгилде башкачараак абалда көрүшөт: 1) Жан алгыч периште келип, кыйнап, жанын сууруп жатканда, 2) Мүрзөгө коюлганда Мункар жана Накир деген эки периште суракка тартканда, тили сөзгө келбей, чулдурап калгандан кийин баштарына союл менен чаап азап беришкенде, 3) Кайра тирилгенде беттери менен сүйрөп, түртүп, кордоп, сурак майданына периштелер айдап барганда, 4) Тозок периштелери жан ооруткан азаптын түрүн көргөзгөндө.
Бизге жолугууну үмүт кылбаган (ыймансыз) адамдар «Эгер бизге периште түшсө же Раббибизди (өз көзүбүз менен) көрсөк (ошондо гана ыйман келтирмекпиз)» - дешет.* Алар өздөрүнчө текеберленип жана аябай таш-жүрөк болуп кетишкен.

يَوۡمَ يَرَوۡنَ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةَ لَا بُشۡرَىٰ يَوۡمَئِذٖ لِّلۡمُجۡرِمِينَ وَيَقُولُونَ حِجۡرٗا مَّحۡجُورٗا

Периштелерди көргөн ошол (кыямат) күнү, күнөөкөр адамдарга жакшы кабар болбойт. (Аларга периштелер:) «(Силер үчүн бейиш) тап-такыр арам!» – дешет.

وَقَدِمۡنَآ إِلَىٰ مَا عَمِلُواْ مِنۡ عَمَلٖ فَجَعَلۡنَٰهُ هَبَآءٗ مَّنثُورًا

Жана Биз алар (сооп деп ойлоп) жасаган (кайрымдуулук) иштерге келдик жана аны күндүн нуруна чагылышып көрүнгөн жеңил сапырылган чаңдай кылып таштадык!

أَصۡحَٰبُ ٱلۡجَنَّةِ يَوۡمَئِذٍ خَيۡرٞ مُّسۡتَقَرّٗا وَأَحۡسَنُ مَقِيلٗا

Ошол Күнү (Аллахка ыйман келтирип, жакшы амал кылган) бейиш ээлери эң сонун орундарда, эң мыкты эс алуу жайларында болушат.

وَيَوۡمَ تَشَقَّقُ ٱلسَّمَآءُ بِٱلۡغَمَٰمِ وَنُزِّلَ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ تَنزِيلًا

Жана ак булуттуу асман жарылган жана периштелер түшүп келген Күнү,

ٱلۡمُلۡكُ يَوۡمَئِذٍ ٱلۡحَقُّ لِلرَّحۡمَٰنِۚ وَكَانَ يَوۡمًا عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ عَسِيرٗا

Дал ошол (Кыямат) Күнү чыныгы мүлк-бийлик чексиз Ырайымдууга (Аллахка) гана таандык болот. Жана ал күндө каапырларга оор болот.

وَيَوۡمَ يَعَضُّ ٱلظَّالِمُ عَلَىٰ يَدَيۡهِ يَقُولُ يَٰلَيۡتَنِي ٱتَّخَذۡتُ مَعَ ٱلرَّسُولِ سَبِيلٗا

Ал күнү залымдар (каапырлар) эки колун(ун манжаларын) тиштеп: «Атаганат, (дүйнөдө) пайгамбар менен (бир) жолду кармаган болсом кана!

يَٰوَيۡلَتَىٰ لَيۡتَنِي لَمۡ أَتَّخِذۡ فُلَانًا خَلِيلٗا

Шорум курусун-ай! Баланчаны* дос кылбай эле койсом болмок экен!

* «Баланча» деп өзүн азгырган «досторунун» атын айтат. Ал досу «жин-шайтандардан» да болушу мүмкүн.
Шорум курусун-ай! Баланчаны* дос кылбай эле койсом болмок экен!

لَّقَدۡ أَضَلَّنِي عَنِ ٱلذِّكۡرِ بَعۡدَ إِذۡ جَآءَنِيۗ وَكَانَ ٱلشَّيۡطَٰنُ لِلۡإِنسَٰنِ خَذُولٗا

Ал мени, мага келген зикирден (Курандан) адаштырды! Шайтан инсанды жардамсыз таштап коёт турбайбы!» дешет.

وَقَالَ ٱلرَّسُولُ يَٰرَبِّ إِنَّ قَوۡمِي ٱتَّخَذُواْ هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانَ مَهۡجُورٗا

Пайгамбар (Мухаммад) айтты: «Оо, Раббим! Менин коомум (Курайш) мына бул Куранды (арттарына) таштап коюшту.

وَكَذَٰلِكَ جَعَلۡنَا لِكُلِّ نَبِيٍّ عَدُوّٗا مِّنَ ٱلۡمُجۡرِمِينَۗ وَكَفَىٰ بِرَبِّكَ هَادِيٗا وَنَصِيرٗا

Ошондой. Биз ар бир пайгамбарга күнөөкөр адамдардан душман кылып койдук. Бирок, жол башчы жана жардамчы болууга Раббиңдин Өзү жетиштүү!

وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ لَوۡلَا نُزِّلَ عَلَيۡهِ ٱلۡقُرۡءَانُ جُمۡلَةٗ وَٰحِدَةٗۚ كَذَٰلِكَ لِنُثَبِّتَ بِهِۦ فُؤَادَكَۖ وَرَتَّلۡنَٰهُ تَرۡتِيلٗا

Каапырлар «Эгер Куран (Мухаммадга бөлүк-бөлүк болбой) бир бүтүн болуп түшсө экен» - дешет. Биз сенин жүрөгүңдү кубаттандыруу үчүн (аны бөлүп-бөлүп түшүрдүк) жана аны (Курандын түшүүсүн) бөлүк-бөлүк кылдык.*

*Ар бир түшкөн аят, мушриктердин кежирленген көктүгүнөн же башка бир себеп менен капаланган, чарчаган пайгамбарыбыздын жүрөгүнө дем, кубат болор эле. Куранды пайгамбардын жана анын коомунун абалына жана реалдуу турмуштун окуяларына байланыштырып, биринин артынан бирин түшүрүү Аллах тааланын чоң Даанышмандыгы.
Каапырлар «Эгер Куран (Мухаммадга бөлүк-бөлүк болбой) бир бүтүн болуп түшсө экен» - дешет. Биз сенин жүрөгүңдү кубаттандыруу үчүн (аны бөлүп-бөлүп түшүрдүк) жана аны (Курандын түшүүсүн) бөлүк-бөлүк кылдык.*

وَلَا يَأۡتُونَكَ بِمَثَلٍ إِلَّا جِئۡنَٰكَ بِٱلۡحَقِّ وَأَحۡسَنَ تَفۡسِيرًا

Алар (мушриктер өз пикирин тастыктоо үчүн кайдагы бир) мисалдарды сага келтирчү болсо, Биз сага Акыйкатты (Куранды) жана (анын аяттары үчүн) эң жакшы түшүндүрмөлөрдү келтиребиз.

ٱلَّذِينَ يُحۡشَرُونَ عَلَىٰ وُجُوهِهِمۡ إِلَىٰ جَهَنَّمَ أُوْلَٰٓئِكَ شَرّٞ مَّكَانٗا وَأَضَلُّ سَبِيلٗا

(Периштелер тарабынан) жүздөрү менен (сүйрөлүп) тозокко чогултула турган адамдар..., ошолор гана эң жаман орундагы, эң адашкан жолдогу адамдар!

وَلَقَدۡ ءَاتَيۡنَا مُوسَى ٱلۡكِتَٰبَ وَجَعَلۡنَا مَعَهُۥٓ أَخَاهُ هَٰرُونَ وَزِيرٗا

Биз Мусага Китепти (Тооратты) бердик жана бир тууганы Харунду аны менен бирге: ага жардамчы кылдык.

فَقُلۡنَا ٱذۡهَبَآ إِلَى ٱلۡقَوۡمِ ٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا فَدَمَّرۡنَٰهُمۡ تَدۡمِيرٗا

Анан: «Экөөң Биздин аяттарыбызды жалган деген (каапыр) коомго бар(ып аларды динге чакыргыла)» дедик. (Экөө буйрукту аткарып, Фараон жана анын коомуна барып, аларды ыйманга чакырды. Бирок алар текеберленип, акыйкатты жалганга чыгарганда) аларды (деңизге чөктүрүп) бирин калтырбай кыйраттык.

وَقَوۡمَ نُوحٖ لَّمَّا كَذَّبُواْ ٱلرُّسُلَ أَغۡرَقۡنَٰهُمۡ وَجَعَلۡنَٰهُمۡ لِلنَّاسِ ءَايَةٗۖ وَأَعۡتَدۡنَا لِلظَّٰلِمِينَ عَذَابًا أَلِيمٗا

Нухтун коомун дагы пайгамбарларды* «жалганчы» дешкенде (топон суу жиберип) чөктүрүп, адамдар үчүн ибарат-сабак кылып койдук.Биз залимдерге жан ооруткан азапты даярдап койдук.

* Кайсы коом бир гана пайгамбарды жалганчы десе, бардык пайгамбарларды жалганчы дегенге жатат. Буга далил – Нухтун коому анын бир өзүн жалганчы десе да Аллах таала бизге «Пайгамбарларды» деп баян кылууда.
Нухтун коомун дагы пайгамбарларды* «жалганчы» дешкенде (топон суу жиберип) чөктүрүп, адамдар үчүн ибарат-сабак кылып койдук.Биз залимдерге жан ооруткан азапты даярдап койдук.

وَعَادٗا وَثَمُودَاْ وَأَصۡحَٰبَ ٱلرَّسِّ وَقُرُونَۢا بَيۡنَ ذَٰلِكَ كَثِيرٗا

Аад, Самуд (элдерин), «кудук ээлерин» жана ушулардын аралыгындагы (башка) көп муундарды (каапырчылыгы себептүү кыйраттык).

وَكُلّٗا ضَرَبۡنَا لَهُ ٱلۡأَمۡثَٰلَۖ وَكُلّٗا تَبَّرۡنَا تَتۡبِيرٗا

Биз алардын баарына мисал-далилдерди келтиргенбиз (моюн толгогондон кийин гана) бардыгын кырып-жоюп жибердик! (Кырылган элдерден бири Лут пайгамбардын коому болчу. Алардын башына таш жамгыры жаап кыйраган).

وَلَقَدۡ أَتَوۡاْ عَلَى ٱلۡقَرۡيَةِ ٱلَّتِيٓ أُمۡطِرَتۡ مَطَرَ ٱلسَّوۡءِۚ أَفَلَمۡ يَكُونُواْ يَرَوۡنَهَاۚ بَلۡ كَانُواْ لَا يَرۡجُونَ نُشُورٗا

Алар (Мекке мушриктери) балээ (таш) жамгыры жаадырылган шаарга келген эле го! Эмне, аны(н кесепеттерин) көрбөй жатышабы?! Жок, (көрүшкөн, бирок) алар кайра тирилүүгө ишенишпейт.

وَإِذَا رَأَوۡكَ إِن يَتَّخِذُونَكَ إِلَّا هُزُوًا أَهَٰذَا ٱلَّذِي بَعَثَ ٱللَّهُ رَسُولًا

Эгер алар сени көрүшсө, келеке кылышып: «Аллах пайгамбар кылып жиберген (баякы неме) ушулбу?

إِن كَادَ لَيُضِلُّنَا عَنۡ ءَالِهَتِنَا لَوۡلَآ أَن صَبَرۡنَا عَلَيۡهَاۚ وَسَوۡفَ يَعۡلَمُونَ حِينَ يَرَوۡنَ ٱلۡعَذَابَ مَنۡ أَضَلُّ سَبِيلًا

Ал бизди кудайларыбыздан азгырып жибере жаздабадыбы! Эгер бир аз аларга (кудайларыбызга) сабыр кылып турбаганда (азгырып жибермек экен)» – дешти. Жакында (тозоктогу) азапты өз көздөрү менен көргөн кезде ким туура жолдон адашуучурак экенин билип алышат.

أَرَءَيۡتَ مَنِ ٱتَّخَذَ إِلَٰهَهُۥ هَوَىٰهُ أَفَأَنتَ تَكُونُ عَلَيۡهِ وَكِيلًا

(Оо, Мухаммад!) Өзүнүн каалоосун кудай кылып алган адамды(н бул айткандарын) карабайсынбы! Эми сен ага өкүл (көзөмөлдөөчү) болосуңбу?!*

*Ал ыпылас сөздөрү менен өзүнө тозокту анык кылып алды. Эми сен аны жөн кой. Сен көзөмөлчү эмессиң. Болгону, эскертүүчүсүң. Аны менен Аллах Өзү эсептешип алат.
(Оо, Мухаммад!) Өзүнүн каалоосун кудай кылып алган адамды(н бул айткандарын) карабайсынбы! Эми сен ага өкүл (көзөмөлдөөчү) болосуңбу?!*

أَمۡ تَحۡسَبُ أَنَّ أَكۡثَرَهُمۡ يَسۡمَعُونَ أَوۡ يَعۡقِلُونَۚ إِنۡ هُمۡ إِلَّا كَٱلۡأَنۡعَٰمِ بَلۡ هُمۡ أَضَلُّ سَبِيلًا

Же болбосо алардан көпчүлүгү угат, акылдарын иштетет деп ойлойсуңбу? Алар айбан сыяктуу болуп калган. Жок! Алар (жүргөн жолунда) айбандан да адашуучураак!*

*Айбанды чабан кайда айдаса, ошол тарапка басат. Өзүнө зыян болчу жерлерди, себептерди билет жана андан абайлайт. Булар болсо, түз эле өзүн отко урууда!
Же болбосо алардан көпчүлүгү угат, акылдарын иштетет деп ойлойсуңбу? Алар айбан сыяктуу болуп калган. Жок! Алар (жүргөн жолунда) айбандан да адашуучураак!*

أَلَمۡ تَرَ إِلَىٰ رَبِّكَ كَيۡفَ مَدَّ ٱلظِّلَّ وَلَوۡ شَآءَ لَجَعَلَهُۥ سَاكِنٗا ثُمَّ جَعَلۡنَا ٱلشَّمۡسَ عَلَيۡهِ دَلِيلٗا

(Оо, Мухаммад!) Раббиңди(н кудуретин) көрбөйсүңбү: (жер бетине) кантип көлөкөнү (таң аткандан күн чыкканга чейинки аралыкта) жайып койду. Эгер кааласа аны жылбай турган кылып коймок. Кийин Биз ага күндү далил кылдык.*

* Эгер Күн болбосо, таңкы күңүрттүк билинмек эмес.
(Оо, Мухаммад!) Раббиңди(н кудуретин) көрбөйсүңбү: (жер бетине) кантип көлөкөнү (таң аткандан күн чыкканга чейинки аралыкта) жайып койду. Эгер кааласа аны жылбай турган кылып коймок. Кийин Биз ага күндү далил кылдык.*

ثُمَّ قَبَضۡنَٰهُ إِلَيۡنَا قَبۡضٗا يَسِيرٗا

Кийин Биз акырындык менен аны (көлөкөнү) жыйнап алабыз.*

* Күн көтөрүлгөн сайын көлөкө жыйналып, чегинип барат.
Кийин Биз акырындык менен аны (көлөкөнү) жыйнап алабыз.*

وَهُوَ ٱلَّذِي جَعَلَ لَكُمُ ٱلَّيۡلَ لِبَاسٗا وَٱلنَّوۡمَ سُبَاتٗا وَجَعَلَ ٱلنَّهَارَ نُشُورٗا

Ал силерге түндү кийим, уйкуну ырахат (эс алуу) кылып койду. Жана эрте мененки убакытты тирилүү (учуру) кылды.

وَهُوَ ٱلَّذِيٓ أَرۡسَلَ ٱلرِّيَٰحَ بُشۡرَۢا بَيۡنَ يَدَيۡ رَحۡمَتِهِۦۚ وَأَنزَلۡنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ طَهُورٗا

Жана Ал Өз ырайымынын (жамгырдын) астынан, кубаныч кабарчысы катары шамалдарды жиберди. Жана Биз асмандан таза суу түшүрдүк,

لِّنُحۡـِۧيَ بِهِۦ بَلۡدَةٗ مَّيۡتٗا وَنُسۡقِيَهُۥ مِمَّا خَلَقۡنَآ أَنۡعَٰمٗا وَأَنَاسِيَّ كَثِيرٗا

аны менен өлүк шаарларды тирилтүү үчүн жана Өзүбүз жараткан көп адамдар менен айбандарды сугаруу үчүн.

وَلَقَدۡ صَرَّفۡنَٰهُ بَيۡنَهُمۡ لِيَذَّكَّرُواْ فَأَبَىٰٓ أَكۡثَرُ ٱلنَّاسِ إِلَّا كُفُورٗا

Биз аны (Куран аяттарын) алардын арасында ар түрдүү (ыкмалар менен) баян кылдык, акыл-насаат алуулары үчүн. Бирок, көпчүлүк адамдар каапырлыктан башкасына ыраазы болушпады.

وَلَوۡ شِئۡنَا لَبَعَثۡنَا فِي كُلِّ قَرۡيَةٖ نَّذِيرٗا

Эгер кааласак Биз ар бир шаарга (бирден) эскертүүчү пайгамбар жибермекпиз.*

* Бирок, Аллах таала Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламды бүт ааламдар үчүн жиберүүнү каалады.
Эгер кааласак Биз ар бир шаарга (бирден) эскертүүчү пайгамбар жибермекпиз.*

فَلَا تُطِعِ ٱلۡكَٰفِرِينَ وَجَٰهِدۡهُم بِهِۦ جِهَادٗا كَبِيرٗا

(Оо, Мухаммад!) Каапырларга моюн сунба жана аларга (Куран) менен чоң жихад кыл!

۞ وَهُوَ ٱلَّذِي مَرَجَ ٱلۡبَحۡرَيۡنِ هَٰذَا عَذۡبٞ فُرَاتٞ وَهَٰذَا مِلۡحٌ أُجَاجٞ وَجَعَلَ بَيۡنَهُمَا بَرۡزَخٗا وَحِجۡرٗا مَّحۡجُورٗا

Ал (Аллах) эки деңизди (жанаша) агызып койду. Мунусу (дарыя) ширин-даамдуу, анысы (деңиз) шор-кычкыл. Жана экөөсүнүн арасына (бирин-бири бузбай, бирин экинчисине аралаштырбай турган, көрүнбөгөн) бекем тосмо кылды.*

* «Көрүнбөгөн тосмо» - бул эки суунун составынын бири бирине аралашып кетишине тоскоолдук кыла турган элементтер. «Бекем-бышык парда» бул кадимки эле жээк-тосуктар.
Ал (Аллах) эки деңизди (жанаша) агызып койду. Мунусу (дарыя) ширин-даамдуу, анысы (деңиз) шор-кычкыл. Жана экөөсүнүн арасына (бирин-бири бузбай, бирин экинчисине аралаштырбай турган, көрүнбөгөн) бекем тосмо кылды.*

وَهُوَ ٱلَّذِي خَلَقَ مِنَ ٱلۡمَآءِ بَشَرٗا فَجَعَلَهُۥ نَسَبٗا وَصِهۡرٗاۗ وَكَانَ رَبُّكَ قَدِيرٗا

Ал адамды суудан жараткан жана аны тууган-урук, куда-сөөк кылып койгон Зат. Сенин Раббиң (ар нерсеге) Кудуреттүү.

وَيَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَا لَا يَنفَعُهُمۡ وَلَا يَضُرُّهُمۡۗ وَكَانَ ٱلۡكَافِرُ عَلَىٰ رَبِّهِۦ ظَهِيرٗا

Алар (мушриктер) Аллахтан башка өздөрүнө не пайда, не зыян жеткире албай турган «кудайларга» ибадат кылышат. Каапыр (жараткан) Раббисине каршы (шайтанга) жардамчы болду.

وَمَآ أَرۡسَلۡنَٰكَ إِلَّا مُبَشِّرٗا وَنَذِيرٗا

Биз сени (ыймандууларга бейиштин) сүйүнүч, (Аллахка баш ийбегендерге тозоктон) эскертүү кабарын берүүчү кылып жибергенбиз.

قُلۡ مَآ أَسۡـَٔلُكُمۡ عَلَيۡهِ مِنۡ أَجۡرٍ إِلَّا مَن شَآءَ أَن يَتَّخِذَ إِلَىٰ رَبِّهِۦ سَبِيلٗا

Айткын: «Мен ал (кабар жеткирүүчүлүгүм) үчүн силерден акы сурабаймын. Ал эми, кимде-ким (садака берүү менен) Раббисине жол тутууну кааласа (ага тоскоол болбоймун).*

* Ким муктаж адамдарга же болбосо, пайгамбардан башка дин жеткирүүчү кишилерге садака кылып, Аллахтын ыразычылыгына жол издесе-жасай берсин. Бирок, пайгамбарлар садака жебейт.
Айткын: «Мен ал (кабар жеткирүүчүлүгүм) үчүн силерден акы сурабаймын. Ал эми, кимде-ким (садака берүү менен) Раббисине жол тутууну кааласа (ага тоскоол болбоймун).*

وَتَوَكَّلۡ عَلَى ٱلۡحَيِّ ٱلَّذِي لَا يَمُوتُ وَسَبِّحۡ بِحَمۡدِهِۦۚ وَكَفَىٰ بِهِۦ بِذُنُوبِ عِبَادِهِۦ خَبِيرًا

Жана сен (эч качан) өлбөй турган түбөлүк Тирүүгө (Аллах таалага) таян, Аны даңктап (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула. Анын Өзү пенделеринин күнөөлөрүнөн жетиштүү Кабардар.

ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَمَا بَيۡنَهُمَا فِي سِتَّةِ أَيَّامٖ ثُمَّ ٱسۡتَوَىٰ عَلَى ٱلۡعَرۡشِۖ ٱلرَّحۡمَٰنُ فَسۡـَٔلۡ بِهِۦ خَبِيرٗا

Ал асмандар менен жерди жана экөөсүнүн арасында болгон нерселерди алты күндө жаратып, андан кийин (Өзүнүн гана улуулугуна жараша) Арштан Бийик-Жогору болду* . Ал – Ырайымдуу! Сен муну (бардыгынан) Кабардар болгон Заттан сура! (Ал Өзүнүн сыпатын, улуулугун Өзү гана жакшы билет.)

وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ ٱسۡجُدُواْۤ لِلرَّحۡمَٰنِ قَالُواْ وَمَا ٱلرَّحۡمَٰنُ أَنَسۡجُدُ لِمَا تَأۡمُرُنَا وَزَادَهُمۡ نُفُورٗا۩

Эгер аларга (мушриктерге) «Чексиз Ырайымдууга (Аллахка) сажда кылгыла» деп айтылчу болсо, «Чексиз Ырайымдууң ким? (Аны билбейбиз) Бизге буюрган нерсеңе сажда кыла беребизби?» - дешет. (Бул чакырык) алардын качуусун гана көбөйтөт.*

* Алар «эгер биз жалгыз Чексиз Ырайымдууга ибадат кылсак, ата-бабаларыбыз сыйынып келген кудайларыбыз, арбактарыбыз эмне болот» деп чындыктан качышат.
Эгер аларга (мушриктерге) «Чексиз Ырайымдууга (Аллахка) сажда кылгыла» деп айтылчу болсо, «Чексиз Ырайымдууң ким? (Аны билбейбиз) Бизге буюрган нерсеңе сажда кыла беребизби?» - дешет. (Бул чакырык) алардын качуусун гана көбөйтөт.*

تَبَارَكَ ٱلَّذِي جَعَلَ فِي ٱلسَّمَآءِ بُرُوجٗا وَجَعَلَ فِيهَا سِرَٰجٗا وَقَمَرٗا مُّنِيرٗا

Асмандагы (түркүн) жылдыздарды жараткан Аллах Улук-Берекеттүү Зат болду. Ал асманга чырак (Күн) менен нурлуу Айды дагы жаратты.

وَهُوَ ٱلَّذِي جَعَلَ ٱلَّيۡلَ وَٱلنَّهَارَ خِلۡفَةٗ لِّمَنۡ أَرَادَ أَن يَذَّكَّرَ أَوۡ أَرَادَ شُكُورٗا

Жана Ал (Өзүнүн кереметтерин) эстеп (сабак алып) же (Аллахтын жакшылыктарына) шүгүр келтирүүнү каалаган адамдар үчүн түн менен күндүздү удаама-удаа (келе турган) кылып жаратты.*

* Ким Аллахты зикир кылууну кааласа, тынч, бейпил түн бар. Моожиза-керемет жаратылыштагы Аллахтын Кудуретинин белгилерин көрүп зикир кылууну кааласа күндүз бар.
Жана Ал (Өзүнүн кереметтерин) эстеп (сабак алып) же (Аллахтын жакшылыктарына) шүгүр келтирүүнү каалаган адамдар үчүн түн менен күндүздү удаама-удаа (келе турган) кылып жаратты.*

وَعِبَادُ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلَّذِينَ يَمۡشُونَ عَلَى ٱلۡأَرۡضِ هَوۡنٗا وَإِذَا خَاطَبَهُمُ ٱلۡجَٰهِلُونَ قَالُواْ سَلَٰمٗا

Чексиз Ырайымдуунун пенделери… алар жер бетинде кичипейил-салабаттуу жүрүшөт. Наадандар (оройлук менен) сүйлөсө да «салам» деп коюшат.

وَٱلَّذِينَ يَبِيتُونَ لِرَبِّهِمۡ سُجَّدٗا وَقِيَٰمٗا

Алар түн ичинде* Раббисине сажда кылган, (намазда) тикесинен турган абалда болушат.

* Түңкү ибадат «тахажжуд» деп аталат жана көп сооптору бар. Айрыкча түндүн үчтөн экиси өткөндө туруп намаз окуп, дуба кылса, кабыл болуусунда үмүт чоң.
Алар түн ичинде* Раббисине сажда кылган, (намазда) тикесинен турган абалда болушат.

وَٱلَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا ٱصۡرِفۡ عَنَّا عَذَابَ جَهَنَّمَۖ إِنَّ عَذَابَهَا كَانَ غَرَامًا

Алар «Оо, Раббим! Бизден тозок азабын арылта көр! Анын азабы түгөнгүс!

إِنَّهَا سَآءَتۡ مُسۡتَقَرّٗا وَمُقَامٗا

Чынында, ал эң жаман орун, эң жаман жай! (Биз ага чыдай албайбыз!) - дешет.

وَٱلَّذِينَ إِذَآ أَنفَقُواْ لَمۡ يُسۡرِفُواْ وَلَمۡ يَقۡتُرُواْ وَكَانَ بَيۡنَ ذَٰلِكَ قَوَامٗا

Алар эгер (дин жолунда мал-дүйнөсүн) сарпташса, ысырапчыл да болушпайт, сараң да болушпайт. Ушунун ортолугунда (адилеттүүлүктө) турушат.

وَٱلَّذِينَ لَا يَدۡعُونَ مَعَ ٱللَّهِ إِلَٰهًا ءَاخَرَ وَلَا يَقۡتُلُونَ ٱلنَّفۡسَ ٱلَّتِي حَرَّمَ ٱللَّهُ إِلَّا بِٱلۡحَقِّ وَلَا يَزۡنُونَۚ وَمَن يَفۡعَلۡ ذَٰلِكَ يَلۡقَ أَثَامٗا

Алар Аллахтан башка «кудайларга» дуба кылышпайт, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган жанды укуксуз (шарияттын талаптарысыз) өлтүрүшпөйт. Акысы (өчү) бар болгондо гана (өлтүрүүсү адал болот). Алар зына-бузукулукка барышпайт. Кимде-ким ушуларды жасаса (айрыкча Аллахтан башкага дуба (ширк) кылса) жазага жолугат.

يُضَٰعَفۡ لَهُ ٱلۡعَذَابُ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ وَيَخۡلُدۡ فِيهِۦ مُهَانًا

Ага кыямат күнү (тозокто жогорудагы күнөөлөрдүн баарын же ширк күнөөсүн кылган кишиге) азаптар кайра-кайра кайталанып берилет жана кордолгон абалда ал жерде түбөлүк калат.

إِلَّا مَن تَابَ وَءَامَنَ وَعَمِلَ عَمَلٗا صَٰلِحٗا فَأُوْلَٰٓئِكَ يُبَدِّلُ ٱللَّهُ سَيِّـَٔاتِهِمۡ حَسَنَٰتٖۗ وَكَانَ ٱللَّهُ غَفُورٗا رَّحِيمٗا

Ал эми, тообо кылып, ыйман келтирип, жакшы (сооп) амал кылган адамдар болсо..., Аллах алардын жаман иштерин жакшыга алмаштырат.* Аллах-Кечиримдүү, Ырайымдуу.

* Ар канча ашынган каапыр болсун, эгер жолунан кайтып, чын дилинен Аллахка тообо кылып, ыйман келтирип, жашылык иштерди кыла баштаса, Аллах анын өткөндөгү күнөөлөрүн кечирип, жаман абалын жакшыга, тозокулугун бейишке алмаштырып койот.
Ал эми, тообо кылып, ыйман келтирип, жакшы (сооп) амал кылган адамдар болсо..., Аллах алардын жаман иштерин жакшыга алмаштырат.* Аллах-Кечиримдүү, Ырайымдуу.

وَمَن تَابَ وَعَمِلَ صَٰلِحٗا فَإِنَّهُۥ يَتُوبُ إِلَى ٱللَّهِ مَتَابٗا

Жана кимде-ким тообо кылып, жакшылык иштерди кылса, ал Аллахка (Аллахтын жолуна) чындап кайтыптыр.

وَٱلَّذِينَ لَا يَشۡهَدُونَ ٱلزُّورَ وَإِذَا مَرُّواْ بِٱللَّغۡوِ مَرُّواْ كِرَامٗا

Жана алар (Ырайымдуунун пенделери) жалган күбөлүк беришпейт. Пайдасыз (кыйбат, ушак) сөздүн жанынан өтсө (ага аралашпай) урмат-сыйын сактап өтөт.

وَٱلَّذِينَ إِذَا ذُكِّرُواْ بِـَٔايَٰتِ رَبِّهِمۡ لَمۡ يَخِرُّواْ عَلَيۡهَا صُمّٗا وَعُمۡيَانٗا

Аларга Раббилеринин аяттары угузулса, дүлөйлүк, сокурлук менен жыгылышпайт. (Түшүнүп, аң-сезимдүүлүк менен кабыл алышат.)

وَٱلَّذِينَ يَقُولُونَ رَبَّنَا هَبۡ لَنَا مِنۡ أَزۡوَٰجِنَا وَذُرِّيَّٰتِنَا قُرَّةَ أَعۡيُنٖ وَٱجۡعَلۡنَا لِلۡمُتَّقِينَ إِمَامًا

Алар: «Оо, Рабби! Бизге (көргөндө) көзүбүз кубана турган жубайларды жана урпактарды белек кыл! Жана бизди такыба кишилерге имам (жол башчы) кыл» дешет.*

* Алар дуба кылуу менен гана чектелип отура бербейт. Тескерисинче ошол даражага жеткенче, балдарын, үй-бүлөсүн Аллах ыразылыгын аткаруунун натыйжасында өзүнө, көзунө кубаныч боло турган кылып тарбиялаганга аракеттенишет.
Алар: «Оо, Рабби! Бизге (көргөндө) көзүбүз кубана турган жубайларды жана урпактарды белек кыл! Жана бизди такыба кишилерге имам (жол башчы) кыл» дешет.*

أُوْلَٰٓئِكَ يُجۡزَوۡنَ ٱلۡغُرۡفَةَ بِمَا صَبَرُواْ وَيُلَقَّوۡنَ فِيهَا تَحِيَّةٗ وَسَلَٰمًا

Ушул адамдар (дин жолунда) сабыр кылгандары себептүү (бейиштеги) жогорку орундар менен сыйланышат жана (аларга периштелер) салам айтышып, сый сөздөр менен күтүп алынат.*

* Аларды бейиш периштелери ызаат-урмат менен салам айтып, бейишке келиши менен куттуктап күтүп алышат.
Ушул адамдар (дин жолунда) сабыр кылгандары себептүү (бейиштеги) жогорку орундар менен сыйланышат жана (аларга периштелер) салам айтышып, сый сөздөр менен күтүп алынат.*

خَٰلِدِينَ فِيهَاۚ حَسُنَتۡ مُسۡتَقَرّٗا وَمُقَامٗا

Алар анда түбөлүк калышат. Жайгашкан орундары, түшкөн мекендери кандай сонун!

قُلۡ مَا يَعۡبَؤُاْ بِكُمۡ رَبِّي لَوۡلَا دُعَآؤُكُمۡۖ فَقَدۡ كَذَّبۡتُمۡ فَسَوۡفَ يَكُونُ لِزَامَۢا

(Оо, Мухаммад!) айткын: «Эгер (араңарда ыймандуу) дуба кылгандар болбосо, Аллах силерди (каапырларды) баалабайт. Себеби силер (динди, Куранды) жалганга чыгардыңар! Жакын арада (калпка чыгаргандын жазасы) силер менен бирге болот.

* «Жакын арада» деген сөздөн максат - Кыямат. Анда динди, Куранды, пайгамбарды, исламды, бейиш-тозокту жалган дегендерге эч арылбай турган, бекем жабышкан азап берилет.

Footer Include