Header Include

Kyrgyz translation

Translation of the meanings of the Noble Qur’an into the Kyrgyz language, translated by Shams al-Din Hakimov Abd al-Khaleq, reviewed and developed under the supervision of the Rowad Translation Center.

QR Code https://quran.islamcontent.com/ja/kyrgyz_hakimov

ٱقۡتَرَبَتِ ٱلسَّاعَةُ وَٱنشَقَّ ٱلۡقَمَرُ

Кыямат* жакындашты жана Ай (экиге) бөлүндү.**

* Бул сүрө Меккеде түшкөн. 55 аяттан турат. "Камар" "Ай" деген мааниде. ** Мекке мушриктери пайгамбар саллаллоху алайхи ва салламга «Эгер бир моожиза көргөзсөң – ыйман келтиребиз» дешкенде, ал Аллахка дуба кылат. Аллах асмандагы айга кол жаңсоону буюрат. Буйрукту аткарганда... ай экиге бөлүнөт.
Кыямат* жакындашты жана Ай (экиге) бөлүндү.**

وَإِن يَرَوۡاْ ءَايَةٗ يُعۡرِضُواْ وَيَقُولُواْ سِحۡرٞ مُّسۡتَمِرّٞ

Алар (Курайш каапырлары) моожизаны көрүп турса да, (чындыктан) жүз үйрүп «Бул – ар дайымкы сыйкыр» - дей баштады.

وَكَذَّبُواْ وَٱتَّبَعُوٓاْ أَهۡوَآءَهُمۡۚ وَكُلُّ أَمۡرٖ مُّسۡتَقِرّٞ

Жана (пайгамбарды) жалганчыга чыгарып, өздөрүнүн каалоолорун ээрчиди. Бирок, ар бир иш (Кыяматта) өз ордун табат.

وَلَقَدۡ جَآءَهُم مِّنَ ٱلۡأَنۢبَآءِ مَا فِيهِ مُزۡدَجَرٌ

Аларга (абалкы каапыр коомдордун) жүрөк үшүткөн кабарлары келген эле.

حِكۡمَةُۢ بَٰلِغَةٞۖ فَمَا تُغۡنِ ٱلنُّذُرُ

(Аларга келген Куран) далил-даанышмандыктын жеткен чеги эле. Эми аларга эскертүүчүлөр пайда бербейт.

فَتَوَلَّ عَنۡهُمۡۘ يَوۡمَ يَدۡعُ ٱلدَّاعِ إِلَىٰ شَيۡءٖ نُّكُرٍ

Сен дагы алардан жүз үйрү(п, Кыяматтагы жазаланышын күт)! Ал эми, Чакыруучу (Исрафил периште Сур кернейин тартып) жагымсыз нерсеге (Махшар майданына) чакырган күндө...

خُشَّعًا أَبۡصَٰرُهُمۡ يَخۡرُجُونَ مِنَ ٱلۡأَجۡدَاثِ كَأَنَّهُمۡ جَرَادٞ مُّنتَشِرٞ

Бардыгы көздөрү жоодураган абалда, башаламан чегирткелердей мүрзөлөрүнөн чыгышат.

مُّهۡطِعِينَ إِلَى ٱلدَّاعِۖ يَقُولُ ٱلۡكَٰفِرُونَ هَٰذَا يَوۡمٌ عَسِرٞ

Чакыруучуга шашылып баратканда каапырлар «Бул өтө оор күн!» дешет.

۞ كَذَّبَتۡ قَبۡلَهُمۡ قَوۡمُ نُوحٖ فَكَذَّبُواْ عَبۡدَنَا وَقَالُواْ مَجۡنُونٞ وَٱزۡدُجِرَ

Алардан мурун Нух коому дагы (чындыкты) «жалган», пендебизди «жалганчы», «жинди» деп, (ар кандай сөздөр менен) опузалашкан.

فَدَعَا رَبَّهُۥٓ أَنِّي مَغۡلُوبٞ فَٱنتَصِرۡ

Анан ал Раббисине дуба кылып: «Оо, Раббим! Мен алсыз калдым, мага жардам бер!» - деп дуба кылды.*

* Ошол дубасында Нух алейхис-салам { رَبِّ لَا تَذَرْ عَلَى الْأَرْضِ مِنَ الْكَافِرِينَ دَيَّارًا } «Оо, Раббим! Жер бетинде бир дагы каапыр үй калтырбагай элең!» деген сөздү да айткан болчу.
Анан ал Раббисине дуба кылып: «Оо, Раббим! Мен алсыз калдым, мага жардам бер!» - деп дуба кылды.*

فَفَتَحۡنَآ أَبۡوَٰبَ ٱلسَّمَآءِ بِمَآءٖ مُّنۡهَمِرٖ

Кийин Биз асман эшиктерин нөшөр жамгырга ачып жибердик.

وَفَجَّرۡنَا ٱلۡأَرۡضَ عُيُونٗا فَٱلۡتَقَى ٱلۡمَآءُ عَلَىٰٓ أَمۡرٖ قَدۡ قُدِرَ

Жерден дагы атырылган булактарды чыгардык. Анан...(Аллах тарабынан) тагдыр кылынган ишти болтуруу үчүн эки суу кошулду.*

* Асман жамгыры менен жеден атырылган булактар кошулуп топон суу болду жана Аллахтын тагдыр кылганы боюнча каапырларды каптады.
Жерден дагы атырылган булактарды чыгардык. Анан...(Аллах тарабынан) тагдыр кылынган ишти болтуруу үчүн эки суу кошулду.*

وَحَمَلۡنَٰهُ عَلَىٰ ذَاتِ أَلۡوَٰحٖ وَدُسُرٖ

Биз аны (Нухту) тактайлар жана мыктар менен куралган нерсе(кеме)де (суу үстүнө) көтөрдүк.

تَجۡرِي بِأَعۡيُنِنَا جَزَآءٗ لِّمَن كَانَ كُفِرَ

Ал (кеме) Биздин көз алдыбызда, каапырлар тарабынан четке кагылган кишиге сыйлык болуп желип баратты.

وَلَقَد تَّرَكۡنَٰهَآ ءَايَةٗ فَهَلۡ مِن مُّدَّكِرٖ

Биз аны(н окуясын кудуретибизге) далил кылып калтырдык. Эми (мындан) сабак алаар жан бар бекен?

فَكَيۡفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ

Менин азабым жана эскертүүм кандай болуптур?!

وَلَقَدۡ يَسَّرۡنَا ٱلۡقُرۡءَانَ لِلذِّكۡرِ فَهَلۡ مِن مُّدَّكِرٖ

Биз Куранды эскергенге* жеңил кылдык. Кана, ким эскерет?

* Окуганга, жаттаганга жана маанисин түшүнгөнгө.
Биз Куранды эскергенге* жеңил кылдык. Кана, ким эскерет?

كَذَّبَتۡ عَادٞ فَكَيۡفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ

Аад (коому) дагы «жалганчы» деген эле (Худ пайгамбарды). Анан Менин (аларга көргөзгөн) азабым жана эскертүүм кандай болду!

إِنَّآ أَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمۡ رِيحٗا صَرۡصَرٗا فِي يَوۡمِ نَحۡسٖ مُّسۡتَمِرّٖ

Алардын үстүнө каргашалуу күндө (жети түн, сегиз күн бурганактаган) токтоосуз катуу бороон жибердик.

تَنزِعُ ٱلنَّاسَ كَأَنَّهُمۡ أَعۡجَازُ نَخۡلٖ مُّنقَعِرٖ

Ал адамдарды омкорулган курма дарагы сыяктуу (турган жеринен) жулуп алды (жана башы менен жерге чапты!)

Ал адамдарды омкорулган курма дарагы сыяктуу (турган жеринен) жулуп алды (жана башы менен жерге чапты!)

فَكَيۡفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ

(Каапырларга) Менин азабым жана эскертүүм кандай экен?!

(Каапырларга) Менин азабым жана эскертүүм кандай экен?!

وَلَقَدۡ يَسَّرۡنَا ٱلۡقُرۡءَانَ لِلذِّكۡرِ فَهَلۡ مِن مُّدَّكِرٖ

Биз Куранды эскерүүгө жеңил кылдык, эскерүүчү барбы?

كَذَّبَتۡ ثَمُودُ بِٱلنُّذُرِ

Самуд (коому) дагы (аяттарды) жалганга чыгарып:

فَقَالُوٓاْ أَبَشَرٗا مِّنَّا وَٰحِدٗا نَّتَّبِعُهُۥٓ إِنَّآ إِذٗا لَّفِي ضَلَٰلٖ وَسُعُرٍ

(Мындай) дешти: «(Биз көп болсок), өз арабыздагы жалгыз адамга ээрчийбизби? Анда биз анык адашабыз, жиндиликте калабыз!

أَءُلۡقِيَ ٱلذِّكۡرُ عَلَيۡهِ مِنۢ بَيۡنِنَا بَلۡ هُوَ كَذَّابٌ أَشِرٞ

Вахий-кабар ушуга берилеби арабыздан (адам куруп калгансып)?! Жок! Бул жеткен жалганчы, эң жаман адам!

سَيَعۡلَمُونَ غَدٗا مَّنِ ٱلۡكَذَّابُ ٱلۡأَشِرُ

Эртең эле (азап түшсө) билишет, ким жалганчы, жаман адам экенин!

إِنَّا مُرۡسِلُواْ ٱلنَّاقَةِ فِتۡنَةٗ لَّهُمۡ فَٱرۡتَقِبۡهُمۡ وَٱصۡطَبِرۡ

(Оо, Салих!) Биз аларды сынаш үчүн (аска таштан) бир төө чыгарып бердик. Эми аларга назар салып, сабыр кылып тур.

وَنَبِّئۡهُمۡ أَنَّ ٱلۡمَآءَ قِسۡمَةُۢ بَيۡنَهُمۡۖ كُلُّ شِرۡبٖ مُّحۡتَضَرٞ

Жана аларга кабар бер, суу (ичүү кезеги) бөлүнгөнүн, ар бир ичүү(гө кезек ээси) даяр турганын.*

* Булактан суу ичүү кезеги төө менен аларга жана айбандарына бөлүштүрүдү. Төөнүн кезеги келгенде алар ичпейт, алардыкы келгенде, төө ичпейт.
Жана аларга кабар бер, суу (ичүү кезеги) бөлүнгөнүн, ар бир ичүү(гө кезек ээси) даяр турганын.*

فَنَادَوۡاْ صَاحِبَهُمۡ فَتَعَاطَىٰ فَعَقَرَ

Анан алар (келишимди бузуп), өздөрүнүн бир (мыкаачы) шеригин чакырышты. Ал болсо, (төөнү) кармады жана союп жиберди.

Анан алар (келишимди бузуп), өздөрүнүн бир (мыкаачы) шеригин чакырышты. Ал болсо, (төөнү) кармады жана союп жиберди.

فَكَيۡفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ

(Карагыла) Менин азабым жана эскертүүм кандай болгонун:

إِنَّآ أَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمۡ صَيۡحَةٗ وَٰحِدَةٗ فَكَانُواْ كَهَشِيمِ ٱلۡمُحۡتَظِرِ

Биз аларга бир чаңырык* жибердик эле, короо курган(чабан)дын куурайындай болуп (төгүлүп) калышты.

* Бул чаңырык Аллахтын буйругу менен келген Жебрейил периштенин катуу добушу эле.
Биз аларга бир чаңырык* жибердик эле, короо курган(чабан)дын куурайындай болуп (төгүлүп) калышты.

وَلَقَدۡ يَسَّرۡنَا ٱلۡقُرۡءَانَ لِلذِّكۡرِ فَهَلۡ مِن مُّدَّكِرٖ

Биз Куранды эскерүүгө жеңил кылдык, эскерүүчү барбы?

Биз Куранды эскерүүгө жеңил кылдык, эскерүүчү барбы?

كَذَّبَتۡ قَوۡمُ لُوطِۭ بِٱلنُّذُرِ

Лут (коому) дагы (аяттарды) жалганга чыгарышты.

إِنَّآ أَرۡسَلۡنَا عَلَيۡهِمۡ حَاصِبًا إِلَّآ ءَالَ لُوطٖۖ نَّجَّيۡنَٰهُم بِسَحَرٖ

Биз аларга (таш) бороонун жибердик. Бир гана Луттун үй-бүлөсүн таң убактысында куткардык.

نِّعۡمَةٗ مِّنۡ عِندِنَاۚ كَذَٰلِكَ نَجۡزِي مَن شَكَرَ

Өзүбүздөн жакшылык иретинде. Шүгүр кылгандарды ушинтип сыйлайбыз.

وَلَقَدۡ أَنذَرَهُم بَطۡشَتَنَا فَتَمَارَوۡاْ بِٱلنُّذُرِ

(Лут) аларга Биздин азапты эскерткен эле. Бирок, алар эскертүүдөн шектеништи.

وَلَقَدۡ رَٰوَدُوهُ عَن ضَيۡفِهِۦ فَطَمَسۡنَآ أَعۡيُنَهُمۡ فَذُوقُواْ عَذَابِي وَنُذُرِ

Жана анын мейманын* (бачабаздык үчүн чыгарып берүүнү) талап кылышты. Биз алардын көзүн сокур кылып койдук. Эми, Менин эскертүүм жана азабымды(н даамын) татышсын!**

* Ал меймандар сулуу жигит кейипиндеги периштелер болчу. ** Аллах Лут коомун жазалоо үчүн сулуу жигит кейипиндеги эки периштени жиберет. Алар Луттун үйүнө келгенде анын бузукуларга жан тарткан аялы дароо бузуктарга чуркап, кабарды жеткирет. Бачабаз коом келип, жигиттерди чыгарып берүүсүн Луттан талап кылат. Ошондо периштелердин бири алардын көзүн сокур кылып койот жана Лут менен анын үй-бүлөсүнө «Таңга маал шаардан чыгып кеткиле, биз таш бороонун жаадырабыз» деп кетип калышат. Лутка «Аялыңды өзүң менен алба» деген вахий келгендиктен аялы шаарда калып, бузукулардын катарында жексен болот.
Жана анын мейманын* (бачабаздык үчүн чыгарып берүүнү) талап кылышты. Биз алардын көзүн сокур кылып койдук. Эми, Менин эскертүүм жана азабымды(н даамын) татышсын!**

وَلَقَدۡ صَبَّحَهُم بُكۡرَةً عَذَابٞ مُّسۡتَقِرّٞ

Жана аларга таң мезгилинде үзгүлтүксүз азап (таш бороону) келди.

فَذُوقُواْ عَذَابِي وَنُذُرِ

Эми, Менин эскертүүмдү(н) жана азабымды(н даамын) татышсын!

Эми, Менин эскертүүмдү(н) жана азабымды(н даамын) татышсын!

وَلَقَدۡ يَسَّرۡنَا ٱلۡقُرۡءَانَ لِلذِّكۡرِ فَهَلۡ مِن مُّدَّكِرٖ

Биз Куранды эскерүү үчүн жеңил кылдык, эскерүүчү барбы?

وَلَقَدۡ جَآءَ ءَالَ فِرۡعَوۡنَ ٱلنُّذُرُ

Жана Фараон адамдарына дагы эскертүүлөр келген.

كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا كُلِّهَا فَأَخَذۡنَٰهُمۡ أَخۡذَ عَزِيزٖ مُّقۡتَدِرٍ

(Бирок), бардык аят-моожизаларыбызды жалганга чыгарышты. Кийин Биз аларды Жеңилгис, Кудуреттүүнүн азаптаганы сыяктуу азаптадык.

أَكُفَّارُكُمۡ خَيۡرٞ مِّنۡ أُوْلَٰٓئِكُمۡ أَمۡ لَكُم بَرَآءَةٞ فِي ٱلزُّبُرِ

(Оо, Курайш эли!) Силердин араңардагы каапырлар абалкы каапырлардан жакшыбы? Же абалкы ыйык китептерде («Курайш каапырларына азап келбейт» деген) актооңор барбы?

أَمۡ يَقُولُونَ نَحۡنُ جَمِيعٞ مُّنتَصِرٞ

Же болбосо алар «Биз жеңилгис жамаатпыз» дешеби?!

سَيُهۡزَمُ ٱلۡجَمۡعُ وَيُوَلُّونَ ٱلدُّبُرَ

Жакында жеңилишет жана аркасына (карабай) качышат.*

* Бул дагы моожиза аяттардын бири. Анткени, бул аят Меккеде: мусулмандар алсыз болгон маалда түшкөн. Арадан көп өтпөй алар Мединага хижрат кылып, кубаттуу үммөткө айланышат. Алар менен Курайш каапырларынын ортосунда болгон «Бадр» согушунда каапырлар жеңилип, аркасына карабай качышат.
Жакында жеңилишет жана аркасына (карабай) качышат.*

بَلِ ٱلسَّاعَةُ مَوۡعِدُهُمۡ وَٱلسَّاعَةُ أَدۡهَىٰ وَأَمَرُّ

Жок! (Алар муну менен кутулбайт!) Кыямат – аларга (азап) убада кылынган Күн! Кыямат(тын азабы) улуу жана ачуураак!

إِنَّ ٱلۡمُجۡرِمِينَ فِي ضَلَٰلٖ وَسُعُرٖ

Чынында, күнөөкөрлөр адашуучулукта жана азапта.

يَوۡمَ يُسۡحَبُونَ فِي ٱلنَّارِ عَلَىٰ وُجُوهِهِمۡ ذُوقُواْ مَسَّ سَقَرَ

Жүзү менен отко сүйрөлгөн күнү (аларга): «Тозок азабын таткыла!» (деп айтылат).

إِنَّا كُلَّ شَيۡءٍ خَلَقۡنَٰهُ بِقَدَرٖ

Биз бардык нерсени тагдыр-өлчөм менен жаратканбыз.

وَمَآ أَمۡرُنَآ إِلَّا وَٰحِدَةٞ كَلَمۡحِۭ بِٱلۡبَصَرِ

Биздин буйругубуз көз ирмем сыяктуу бир гана («Бол!» деген сөздөн турат).*

* Б.а. " Эгер Биз бир нерсени жасоону кааласак, бир гана "Бол!" деген сөз жетиштүү. Айтылаар замат көз ирмемде ар кандай иш болуп калат.
Биздин буйругубуз көз ирмем сыяктуу бир гана («Бол!» деген сөздөн турат).*

وَلَقَدۡ أَهۡلَكۡنَآ أَشۡيَاعَكُمۡ فَهَلۡ مِن مُّدَّكِرٖ

Биз силерге окшогондорду(н көбүн) кыйратканбыз. Эстеген бирөө барбы?

وَكُلُّ شَيۡءٖ فَعَلُوهُ فِي ٱلزُّبُرِ

Алардын бардык иштери (периштелер жазган) китептерде бар.

وَكُلُّ صَغِيرٖ وَكَبِيرٖ مُّسۡتَطَرٌ

Жана бардык чоң-кичине (нерселер) жазылган.

إِنَّ ٱلۡمُتَّقِينَ فِي جَنَّٰتٖ وَنَهَرٖ

Чынында, такыба адамдар бейиштерде жана дайралард(ын боюнд)а.

فِي مَقۡعَدِ صِدۡقٍ عِندَ مَلِيكٖ مُّقۡتَدِرِۭ

Кудуреттүү Падышанын алдындагы чыныгы (бардык ырахат-жыргалы бар) мажилисте.

Footer Include